Бишкек. Архивдик сүрөт

Кыргызстанда учурда эмне болуп жатат. Тексттик трансляция

118
(жаңыланган 20:32 25.10.2017)
Шаршемби күнүбүз жакшы окуяларга, жаңылыктарга бай болсунчу. Кеттик, анда!

Биздин бул рубриканын бутуна турушуна сиз жардам бере аласыз, окурман. Ал үчүн Telegram тиркемесиндеги биздин "Дежурный по Бишкеку" тобундагы сүрөт менен видеолорду бөлүшүп турсаңыз болот.

Андан сырткары, сиз күбө болгон окуяны WhatsApp же Telegram тиркемелериндеги +996 706 566 544 номерине салсаңыз болот.

Жаңы билдирүү
  • 11:22

    Бишкекте "Үй-бүлөлүк дарыгер — биздин замандын баатыры" аттуу конференция өтүүдө

    Бүгүн, 25-октябрда Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медицина академиясында Үй-бүлөлүк дарыгер — биздин замандын баатыры" аттуу конференция өтүп жатат. Ага өлкөдөгү бардык медициналык окуу жайлардын өкүлдөрү катышууда. 

    Жыйын учурунда медицина илимдеринин доктору, профессор Нурлан Биримкулов Кыргызстандагы үй-бүлөлүк медицина боюнча 10 илимий докладын окуду. 


    В Медакадемии Кыргызстана имени И.К. Ахунбаева прошла Республиканская конференция клинических ординаторов и студентов под девизом Семейный врач –герой нашего времени
    © Фото / пресс-служба КГМА
  • 11:07

    Эртең Бишкектин бир топ аймактарында суу болбойт

    "Түндүк" суу кампасындагы оңдоо иштерине байланыштуу Күрөңкөев, Абдрахманов, Элебесов, Саадаев, Жаш Гвардия, Урицк көчөлөрү менен Ала-Арча аймагына суу берилбейт.

    Андан сырткары, төмөнкү аймактар менен объектилерде суу берүү чектелет. 

    - "Красный строитель";

     - "Көлмө";

     - "Ак-Тилек";

     - "Алтын-Бешик";

     - "Саламалик" конуштарында;

     - №№18, 33, 35 мектептерде, №12 бала бакчада;

     - Пакистан элчилигинде;

     - Автобекеттер менен автостанциялардын Чүй бирикмесинде;

     - Краснодончулар, 24 көчөсүндөгү Улуттук Гвардиянын штабында;

     - "Электросила" ишканасында;

     - Кургак учукка каршы шаардык ооруканада;

     - 41069 аскердик бөлүгүнүн аскер комиссариатында;

     - КРдин Илимдер академиясынын биотехнология институтунда;

     - "Химиялык завод" жеке ишканасында;

     - "Бишкек суу каналдын" атайын автобазасында;

     - Фере көчөсүндөгү "Бишкектурбазасы" туркомплексинде болбойт.

     "Бишкек суу канал" башкармалыгы элди сууну алдын ала камдап алууну эскертет.

     Суу бул күнү 9.00дөн 20.00гө чейин болбойт. 


  • 09:27
    Зрители аплодируют выступающим. Архивное фото

    Россиянын элдик биримдик күнүнө карата Бишкекте майрамдык концерт өтөт

    Майрамдык иш-чара 3-ноябрь күнү түшкү саат 15:30да башталмакчы.
    Дагы
118
Белгилер:
жаңылыктар, күбө, Кыргызстан