Адис: Кыргызстанда жаш энелердин көбү билбестиктен каза болушат

© Sputnik / Александр Паниотов / Медиабанкка өтүүЫмыркай көтөрүп турган эне. Архив
Ымыркай көтөрүп турган эне. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
2014-2015-жылдары кош бойлуу, төрөттөн жана андан кийин каза тапкан 148 эненин өлүмү анализге алынган

БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Кыргызстанда аялдар төрөт маалында өздөрүнүн жана үй-бүлөсүнүн даярдыгы начарлыгынан улам көз жумушат. Мындай пикирин Төрөлүүнү жөнгө салуу эл аралык фондусунун регионалдык директору Кэройлайн Хиксон бүгүн Бишкектеги терегек стол маалында билдирди.

Мындай бүтүмгө келиш үчүн 2014-2015-жылдары кош бойлуу, төрөттөн жана андан кийин каза тапкан 148 эненин өлүмү анализге алынган.

"Иликтөө маалында көпчүлүк аялдар жөн гана билбестиктин айынан көз жумары мени таң калтырды. Аларды болгону жашоосуна коркунуч жараткан белгилерди айырмалап билүүгө үйрөтүш керек. Ошондуктан биздин фонд жаштарды үй-бүлөлүк жашоого даярдоону максат кылат", — деди Хиксон.

Ошондой эле бул жаатта билим жаштардын өзүнө гана эмес, алар кайрыла турган адистерге дагы берилиши керектиги айтылды. Булар сөзсүз эле медиктер болбостон, дары-дармек саткандар же дин кызматкери болушу мүмкүн экени айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0