Жыл башынан бери куткаруучулар 236 кишини аман алып калышкан

Жазылуу
Бүгүн ӨКМде 9 айдын жыйынтыгы боюнча коллегиялык кеңеш болуп жатат

БИШКЕК, 31-окт. — Sputnik. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Куткаруу жана өрт-куткаруу кызматтары тарабынан тогуз айда 236 адам куткарылган. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Анын ичинен жол кырсыгынан 61 адам, экстремалдык абалда 98, көлмөлөрдөн 15, өрт учурунда 62 киши куткарылган.

"Куткаруу кызматтары жыл башынан бери калкка жардам берүү үчүн 1372 жолу чыгышкан. Мындан сырткары, муктаж болгон 5270 адамга телефон аркылуу кеңештер берилген", — деп айтылат маалыматта.

Аталган убакыт ичинде куткаруу кызматтары ар кандай кырсыктардан каза болгон 283 адамдын сөөгүн чыгарып, тийиштүү тараптарга өткөрүп беришкен.

Эскерте кетсек бүгүн ӨКМде 9 айдын жыйынтыгы боюнча коллегиялык кеңеш болуп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0