Момбеков: Кыргызстанда каскадерлордун кастинги өтүп жатабы?

Жазылуу
КСДП фракциясынын депутаты Рыскелди Момбеков акыркы беш күн ичинде 30 адам жол кырсыгынан набыт болгонун айтты

БИШКЕК, 9-ноя. — Sputnik. Кыргызстанда каскадерлордун кастинги өтүп жатабы? Аталган суроону КСДП фракциясынын депутаты Рыскелди Момбеков парламентте сүйлөп жатып өкмөткө узатты.

© Sputnik / Табылды КадырбековКСДП фракциясынын депутаты Рыскелди Момбеков
Депутат Рыскелди Момбеков - Sputnik Кыргызстан
КСДП фракциясынын депутаты Рыскелди Момбеков

Анын айтымында, акыркы убакта жол кырсыктары арбып кеткен. Депутат Ичики иштер министрилиги жакшы иштебей жатканын белгиледи.

"Беш күндүн ичинде 30 киши каза болду. Эмне бизде каскадерлордун кастинги өтүп жатабы? Бир айда 200гө чукул адам өлүп жатат. Чара көрөбүз деген менен жыйынтык жок. Кайгуул милиция кылып өзгөрттүк эле, майнап чыкпады. Реформа иштеген жок. Ички иштер министрлигине ичим жылыбай жатат. Реформадан дайын жок, бирок генерал наамдары берилүүдө", — деди Момбеков.

Эл өкүлү аталган маселе боюнча өкмөттүк саат өткөрүү керек экендигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0