Милиция 10 айда өлкөдө жол кырсыгынан каза тапкандар тууралуу маалымат берди

© Sputnik / Актан ТемиркановАвтоавария с участием трех машин в Сокулуке
Автоавария с участием трех машин в Сокулуке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кайгуул милиция башкы башкармалыгынын жетекчи орун басары Ыманалы Саркулов быйылкы жылга карата түзүлгөн статистиканы сунуштады

БИШКЕК, 9-ноя. — Sputnik. Жыл башынан берки 10 ай аралыгында Кыргызстандын жолдорунда 695 киши каза тапканын маалымат жыйын учурунда Кайгуул милиция башкы башкармалыгынын жетекчи орун басары Ыманалы Саркулов билдирди. 

© Sputnik / Табылды КадырбековКайгуул милиция башкы башкармалыгынын жетекчи орун басары Ыманалы Саркулов
Замглавы ГУПМ Ыманалы Саркулов - Sputnik Кыргызстан
Кайгуул милиция башкы башкармалыгынын жетекчи орун басары Ыманалы Саркулов

Анын айтымында, 2016-жылдын ушул маалында 771 адам көз жумган, башкача айтканда, кырсык көрсөткүчү 9,8 пайызга азайган.

Ал эми быйылкы жылдын башынан бери октябрь айына чейин 5 197 жол кырсыгы катталып, андан 7 839 адам жабыркаган.

"Авариянын 33,8 пайызы катуу ылдамдыктан болот. Каршы тилкеге чыгып, ашып өтүү эрежесинин бузулушу жалпы жол кырсыгынын 14,4 пайызын түзөт. 20 пайызы айдоо эрежесин сактабагандыктан жаралса, айдоочунун мас абалда рулга отурушу жалпы сандын 8,6 пайызын түзөт", — деди Саркулов.

Маалымат жыйын Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык борборунда өттү.

Жаңылыктар түрмөгү
0