Өлкөнүн кайсы облусунда ажырашуу көп болот? Рейтинг

© Sputnik / Табылды КадырбековКоляска сүйрөп бараткан аял. Архив
Коляска сүйрөп бараткан аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкөнүн түндүгүндөгү тургундар түштүктөгүлөргө салыштырмалуу көп ажырашат

БИШКЕК, 10-ноя. — Sputnik. Кыргызстандын кайсы аймактарында ажырашкандардын саны көп экенин Улуттук статистикалык комитет аныктаган. Sputnik үй-бүлө бекем сакталбаган аймактардын рейтингин түздү.

Ага ылайык "коло медаль" Ысык-Көл облусуна тийди: 10 миң адамга 17 ажырашуу туура келет. Кызыгы 2000-жылдын башында үчүнчү орунду Баткен облусу ээлеп келген.

Тизменин экинчи сабына Чүй облусу чыкты: 10 миң адамга 21 ажырашуу туура келет. Бир жылда 1800гө жакын түгөй эки ача жолго түшөт.

Бекем сакталбаган үй-бүлөлөр Бишкек шаарында көп болгондуктан, борбор калаа биринчи орунга чыкты: бул жерде 10 миң адамга 26 ажырашуу туура келет. Бир жылда төрт миңге жакын адамдын башы бошойт.

Ал эми эң бекем үй-бүлөлөрдүн саны менен Ош облусу мактанса болот. 10 миң адамга 9 гана ажырашуу туура келет. Баса, 17 жыл мурун биринчилик ушул аймакка туура келчү.

Кызыгы, өлкө боюнча жалпы көрсөткүч 26 жыл мурда кандай болсо, азыр деле ошондой. 1993-жылы кыргызстандыктардын ажырашуусу төмөндөгөнү менен 2004-жылы статистика өсө баштаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0