Офистеги кызматкерлер. Архив

Кыргызстанда отуруп алып дүйнөнү багындыргандар. Өлкөдөгү 6 мыкты IT компания

3648
(жаңыланган 09:36 23.11.2017)
Маалыматтык технологиялар жаатында ийгилик жаратып, жаңы нерселерди ойлоп тапкан жаштардан уучубуз кур эмес. Алар өлкөдө отуруп алып, чет өлкөлүк кардарларды тейлеп келет. Sputnik Кыргызстан агенттиги ата мекендик алты мыкты IT компанияны сунуштайт.

Чет жактан кардар таап жаңы мүмкүнчүлүктөргө жетүү үчүн жаштар дайым жаңы нерсени үйрөнүп, изденүү үстүндө болуусу керек. Антпесе аталган тармакта дүйнөлүк деңгээлдеги атаандаштык күчтүү.

Zensoft

Жүздөй адамдын башын бириктирген компания Кыргызстанда эки жылдан бери эмгектенет. Негизинен алар АКШнын базарына ылайыкташып, банк, нефть өндүрүү, саламаттык сактоо мекемелеринин бизнес процессин автоматташтыруу боюнча иш алып барат.

OpenCBS

Чет элдик кардарларга ыктаган OpenCBS компаниясында 20дай адам иштейт. Алар Азия, Африка жана Европа өлкөлөрүндөгү финансы-кредиттик мекемелердин ишин көзөмөлдөй турган программалык камсыздоолорду даярдашат.

Timelysoft

Жаштардан куралган компания өз ишин 2013-жылы баштаган. Бул убакыт аралыгында ишкана тарабынан бир нече маалыматтык система иштелип чыгып, Казакстан, Руанда, Уганда, Кипрдин ишканаларында кеңири пайдаланылууда. Эң негизгиси Timelysoft дүйнөлүк Microsoft компаниясы менен тыгыз кызматташып келет.

Макс Софт

"Макс Софт" компаниясы үч жыл мурун ачылып банк жаатындагы төлөмдөрдү аткаруу системасын даярдайт. Азыркы маалда алардын продукцияларына Казакстанда суроо-талап күч.

Spalmalo

Компания төрт жыл мурун Бишкекте түзүлүп, Кыргызстандын IT тармагында жигердүү иштеп келет. 35 адамдан турган топ программалык камсыздоолорду даярдап, алар АКШ, Канада, Улуу Британия, Россия жана Казакстандын айрым шаарларында колдонулууда.

"Финанс Софт"

Төрт жыл мурун негизделген компания каржы-насыялык мекемелердин бизнес процессин автоматташтыруу боюнча иш алып барат. Учурда алардын продукциясын жергиликтүү көптөгөн банктар колдонот. Эми жаратман инсандар тажикстандык кардарларга кызмат көрсөтүүгө киришти.

3648
Белгилер:
IT компаниялары, Технологиялар, Кыргызстан
Тема боюнча
Орус-кыргыз өнүктүрүү фондусу насыя коюмдарын төмөндөттү
Пензалык ишкерлер Кыргызстандын рыногуна кирүүгө кызыкдар
Курулуш компаниясынын коммерциялык директору Бектур Садыров

Ипотека алгыңыз келбесе, Бишкектен кантип батир сатып алууга болот. Кеңеш

20
(жаңыланган 16:17 27.09.2020)
Батир сатып алууга тыйыны жетпеген сатып алуучунун баянын курулуш компаниясынын коммерциялык директору Бектур Садыров айтып берди. Ипотекага ашыкча каражат төлөгүсү жок, бирок дароо акчасын чыгарып турак жайды сатып алууга чама-чаркы чак келбейт...

Бектур Садыров борбор калаадагы ири курулуш компанияларынын биринде жети жылдан бери коммерциялык директорлукту аркалайт. Ал жаңы курулган үйдөн батирге ээ болуунун оош-кыйыштары туурасында айтып берди. Чатырлуу болууну чечкен бишкектиктерге пайдалуу болчудай.

— Келиңиз жаңы үйлөр туурасында сүйлөшөлү. Коронавирус кыймылсыз мүлк рыногундагы бааларды төмөндөттү десек болобу?

— Балким, эң арзан кыймылсыз мүлктүн баасы түшүп кеткендир. Рынокко тыкыр көз салып турам, кээде өтө төмөн баадагы батирлерди таап калам. Маселен, жер казылып жаткан баскычында батирлер бир чарчы метри 350 доллардан сатылган. Карантинге дейре алар 500 доллардан турган. Башкача айтканда, эконом-сегменттеги оюнчулар арасында эбак баа согушу – демпинг башталды. Ошону менен бирге эле баамдаган болсоңуздар, рынок лидерлери 20-30 пайызга арзандатпайт. Андай батирлердин баасы башта кандай болсо, азыр да ошол калыбында. Мисалы, биздин ишканага эпидемиядан улам талаптын азайганы туюлган жок.

Эгер батир сатып ала турган болсом, эң арзан турак жайды албас элем. Андан көрө бир аз күтө туруп, акчаны толуктап, чарчы метри 600-700 доллардын тегерегиндеги батирди сатып алган дурус.

— Аябай арзан батирлердин эмне мандеми бар?

— Мисалы, жер көйгөйлүү болушу мүмкүн. Балким, ижарада турат. Көп нерсе жерге жараша: эгер Бишкектин дал ортосунда жана чет жакасында бирдей эки үй курулса, анда чарчы метри борбордогу 200 долларга кымбатыраак турат.

Анан да арзан турак жайды сатып алуучу бир катар ыңгайсыздыктарга тушугушу ыктымал. Мисалы, лифт улам иштебей калат же кошунаңдын ойгонгону угула берет.

Коммерческий директор строительной компании Бектур Садыров
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Курулуш компаниясынын коммерциялык директору Бектур Садыров

— Азыр эл акчадан мурдагыдан да кыйналып калды. Эгер батирге акчасы болбосо, бирок үй-жайлуу болууга ашыгып турса, сиз эмнени сунуштайт элеңиз? Ипотеканыбы?

— Коңшу мамлекеттерде, тагыраагы, Казакстан менен Россияда кыймылсыз мүлк келишимдеринин 80 пайызы — ипотека. Биздин өлкөдө да ипотека сатууну олуттуу түрдө жогорулата алмак. Бирок бүгүнкү күндө биздин банктар ипотеканы өтө жогору пайыз менен беришет.

Бизде ипотеканын жылдык пайызы 10-16ны түзөт. Адатта сатып алуучу аны кеминде беш жыл төлөйт. Эсептесек, сиз банкка ушул убакыт аралыгында батирдин наркынан 60, ал тургай, 100 пайыз ашыра төгүүгө аргасыз болосуз.

Башка бир, кыйла пайдалуу жолу – батирди курулуш ишканасынан сатып алуу. Алдыңкы саптагы курулуш компаниялары 2,5 жылга бөлүп төлөөгө мүмкүндүк берет. Айрымдары 5 жылга чейин күтүүгө даяр. Мындайда сатып алуучу эч кандай пайыз төлөбөйт.

Турмушта орун алган бир учурду сизге мисал келтирейин. Бизде бир бөлмөлүү батир 23 миң долларга сатылып жаткан. Аны ага каражаты жетпей калган сатып алуучу алган. Батирдин наркынын 30 пайызын (8 миң доллардын тегерегинде) төлөп, эки жарым жыл айына 550 доллардан төлөгөн. Эми ал – ошол кишинин батири.

— Сатып алуучу кайсы бир маалда төлөй албай калса кантет?

— Батирди сатыкка чыгарышат, мурдагы ээси салган акчасын кайтарып беришет. Негизи коронавирустан улам ижаралап жашаган бишкектиктер өз чатырын сатып алууга белсеништи. Бир нече ай маянасыз калып, алар турак жайыңдын болушу канчалык маанилүү экенин түшүнүштү.

Бишкекте батир ижаралоо дүйнөлүк ченем боюнча анчалык арзан эмес. Башкача айтканда, турак жайды жети-он айга ижаралоо менен бишкектиктер анын наркын төлөгөндөй эле болушат.

Коммерческий директор строительной компании Бектур Садыров
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Курулуш компаниясынын коммерциялык директору Бектур Садыров

— Ижарага бергендер үчүн пайдалуубу?

— Ооба, турмуштан мисал келтирейин. Биздин туруктуу кардарларыбыз бар. Алар ар бир комплекстен бирден батир сатып алышат. Адегенде бирди, анан экинчисин сатып алышат, анан үчүнчүсүн... Элестүү түшүндүрө турган болсок, улам кийинки батирге алар өз батирлериндеги ижарачылардын эсебинен кутулушат. Ошентип, кыймылсыз мүлк кыймылсыз мүлктү “сатып алат”.

— Ижарага берүү үчүн кандай батирлерди сатып алуу пайдалуу?

— Эконом-класстагы кыймылсыз мүлктү алда канча бачым ижарага бере аласыз. Бирок анда да баа чеги бар: бир бөлмөлүү батирди 250 долларга, эң көп дегенде 300 долларга берилет. Эгер премиум класстагы батир алсаңыз, анда аны үч бөлмөлүү батирдин баасында берүүгө болот. Андан сырткары, адатта андай тургундар менен да көйгөй азыраак. Бирок баары дайым эле ушундай тегиз боло бербейт.

— Сиздерден мамлекеттик ипотека боюнча турак жай сатып алгандар барбы?

— Мамлекеттик ипотека менен кайрылгандар болгон, бирок алардын бири да бизден турак жайды ийгиликтүү сатып ала алышпады. Анткени каржылык алкакка сыйбайт. Ал жакта кандай акча бөлүнөрүн билбейм, бирок көпчүлүгүндө болгону 20 миң, кээде 25 миң доллар болот, бирок ремонттолгон батирди каалашат. Тилекке каршы, бизде андай сунуш жок.

— Даяр батирге караганда тээ чуңкуру казылып жатканда сатып алган оң экени түшүнүктүү. Бирок, билишимче, бул – кыйла кооптуу жол.

— Ооба, Кыргызстандын рыногу бөтөнчө. Балким, турак жайдын 95 пайызы курулуш убагында сатылар. Бирок кээде мындай болуп калат: курулуш компаниясынын кожоюну эч нерсени куруп үлгүрө элек, бирок үлүшчүлөрдөн аябагандай чоң сумманы алып коет. Андай байлык ишкананын ээсинин башын айлантышы ыктымал. Акчанын баарын өзүнүкүндөй көрүп алат. Анын кесепетинен курулуш токтойт, үлүшчүлөр жапа чегет.

Коммерческий директор строительной компании Бектур Садыров
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Курулуш компаниясынын коммерциялык директору Бектур Садыров

— Бир риелтордон: “Эгер 10 курулуш ишканасы октябрда үйдү пайдаланууга берейин деп убада кылды дейли. Алардын канчасы убадасын аткара алат?” деп сураганымда ал: "Эч бири!" – деп жылмайган эле. Эмнеге андай болуп калат?

— Мамлекеттик органдар менен иш алып барууда ушундай – өтө бюрократиялык жагдай бар. Бир жолкусунда биз өзүнчө бир рекорд койгон элек, 12 кабат үйдү болгону жети айда пайдаланууга бергенбиз. Бирок бул процедура бир жылдай жана андан да узак сүрүшү мүмкүн. 2016-2017-жылы курулуп баштаган, бирок алигүнчө пайдаланууга бериле элек көп үйлөрдү көрдүм. Ошентсе да эл кирип жашап алган.

— Колдонууга берилген же бериле элек үйлөрдөгү жашоо кандай айырмаланат?

— Биринчиден, жашоочулар шаардык коммуникациялык көйгөйлөргө көп кабылат: үй курулуш компаниясынын балансында тургандыктан, электр үчүн 73 тыйын эмес, 2,7 сом төлөөгө туура келет. Анткени коммерциялык тариф сакталат. Негизи мындай ашыкча чыгымдарды курулуш компаниясы жаап бериши керек, бирок дайым эле андай боло бербейт.

Экинчиден, пайдаланууга берилгенче объект бүтө элек деп эсептелет. Башкача айтканда, жашоочулар үйдүн айланасындагы жерди толук кандуу балансына алып, ТСЖ кура алышпайт.

— Бишкектиктер негизинен шаардын кайсы бөлүгүндө жашагысы келет?

— Биз максаттуу аудитория ичинде сурамжылоо өткөргөнбүз. Көпчүлүгү калаанын түштүк жагын тандайт. Бирок көңүлү гана ошол тараптарды самайт. Акыл менен борбор ыңгайлуу экенин түшүнөт. Ал жакта мектеп, бала бакча мыктыраак, анан да жумушу борбордо жайгашкан.

Бирок пандемиядан улам шаардыктардын көбүнүн көз карашы өзгөрдү. Үйдүн айланасындагы таза аба, кең мейкиндик, сейилдөөнүн канчалык маанилүү экенин аңдашты.

Коммерческий директор строительной компании Бектур Садыров
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Курулуш компаниясынын коммерциялык директору Бектур Садыров

— Көлөмү жагынан кандай батирлер жакшы өтүүдө? Маалыматыңыз барбы?

— Бишкектиктер оптималдуу пландалган батирлерге умтулушат. Холл же ашыкчы бурчтарга кеткен 10 чарчы метр үчүн төлөгүлөрү келбейт. Азыр кичирейтилген пландоого талап байкалууда. Бирок бул советтик стандарттарга кайра кайттык дегендик эмес.

Маселен, алты чарчы метрлик ашканасы бар 60 чарчы метрлик үч бөлмөлүү батирди эми эч ким каалабайт. Ал убакты басып өттүк. Азыр 80-100 чарчы метрлик үч бөлмөлүү турак жайларга талап жаралды.

— Каатчылыктан улам элдин капчыгы жукара түштү. Курулуш компаниялары бааны ылдыйлатарын боолголоого болобу?

— Узакка созула турган каатчылык ыктымалдыгын да карадык, бирок 2010 жана 2015-жылдардагы тажрыйба да бар. Кандай кыйынчылык болбосун, адамдар баары бир кыймылсыз мүлктү сатып аларын аңдадык.

Эч нерсеге карабай ишин уланткан компаниялардын катарында болгубуз келет. Маселен, биз үчүн ким президент же мэр экени мааниге ээ эмес, биз саясаттан оолак ишканабыз. Биздин негизги милдет — үйлөрдүн курулушун белгиленген мезгил ичинде бүткөрүү.

20
Белгилер:
адистик, ипотекалык насыя, батир, Бишкек
Тема боюнча
Бишкек менен Оштогу батирлердин ижара акысы. Жаңыланган маалымат

Кыргызстан тууралуу тасма эл аралык фестивалда гран-при алды. Видео

60
(жаңыланган 12:56 27.09.2020)
Тасмада дүйнөдө биринчилерден болуп суу тартыштыгына кептелген Кыргызстан тууралуу баяндалат. Фестивалда Россия, Норвегия, Финляндия жана Швеция режиссёрлорунун эмгектери көрсөтүлдү.

Кыргызстандагы суу тартыштыгы тууралуу баяндаган "Вода. Время жажды" даректүү тасмасы “Түндүктүн мүнөзү: green screen" фестивалында гран-при сыйлыгына татыды. Бул тууралуу "Би-порт" сайты жазды

Режиссёр Евгений Безбородовдун тасмасында дүйнөдө биринчилерден болуп суу тартыштыгына кептелген Кыргызстан тууралуу көрсөтүлөт. Автор бүтүндөй адам баласынын көйгөйүн бир өлкөнүн мисалында чагылдырат.

Шевченко катышкан Холли Берринин тасмасын Netflix чоң акчага сатып алды

Иркутск облустук кинофондунун YouTube-каналында тасманын трейлери жүктөлгөн. Фильм 39 мүнөткө созулат.

"Суунун жаратылышта түбөлүктүү айлануусу. Миңдеген жылдар бою адам бул мыйзам менен жашап келген. Бирок XXI кылымда адам баласы чоң көйгөйгө кептелди. Мөңгүлөрдүн, тоодон аккан таза суунун мекени болгон Кыргызстан суу тартыштыгы менен дүйнөдө биринчилерден болуп жабыркай баштады. Суунун бир тамчысы жана өлкөдөгү көйгөйлөр аркылуу бүткүл адам баласынын трагедиясы көрсөтүлдү”, — деп айтылат сүрөттөмөдө.

Фестивалда Россия, Норвегия, Финляндия жана Швеция режиссёрлорунун эмгектери көрсөтүлдү.

“Түндүктүн мүнөзү: green screen" — экологиялык жана социалдык тасмалардын эл аралык фестивалы.

60
Белгилер:
фестиваль, сыйлык, тасма, көйгөй, Суу, Кыргызстан
Тема боюнча
Кыргыз режиссёрунун "Көл" тасмасы Кытайдагы ири фестивалга чакыруу алды
Ооруканадагы капельницалар. Архив

Россияда көпүрө урап 49 кыргызстандык жабыркады. Сүрөт

0
(жаңыланган 16:15 27.09.2020)
Маалым болгондой, аталган ишканада жалпысынан 149 кыргыз жараны иштечү. Маселе элчинин жеке көзөмөлүнө алынды.

БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. Россиянын Москва облусундагы "ФМ Сидорово" логистикалык ишканасында жөө адамдар өтүүчү көпүрө урап Кыргызстандын 49 жараны жабыркады. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жабыркаган мекендештердин ичинен төртөөнүн абалы оор, каза болгондор жок.

"Кырсыктан жабыркагандар Ступинский ооруканасына жеткирилген. Учурда окуя болгон жерде Россиянын ӨКМ, прокуратура, Тез жарджам кызматы, тергөө комитети жана башка мамлекеттик органдардын өкүлдөрү иш алып барууда. Жеринде Кыргызстандын Россиядагы элчилиги менен ИИМдин өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери КР жарандарына ар тараптан колдоо көрсөтүү үчүн жүрүшөт", — деп айтылат маалыматта.

​Маалым болгондой, аталган ишканада жалпысынан 149 кыргыз жараны иштечү.

0
Белгилер:
кырсык, көпүрө, жаран, Россия
Тема боюнча
Кулаган учактан аман калган курсанттын атасы: мен дагы үч жолу кырсыктагам