Кар жаап, жолдор тайгак болот! ӨКМ шашылыш билдирүү таратты

© Sputnik / Табылды КадырбековТранспорт күтүп турган шаар тургундары. Архив
Транспорт күтүп турган шаар тургундары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге чейин жетип, абанын температурасы төмөндөйт.

БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Кыргызстанда аба ырайы кескин өзгөрөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, 26-ноябрь таң эрте жана 27-ноябрь күндүз өлкө аймагынын көпчүлүк аймагында жаан-чачын болуп, тоолуу райондорго кар түшөт.

Работа шиномонтажной мастерской в Великом Новгороде - Sputnik Кыргызстан
Дөңгөлөк алмаштыргыла! Кайгуул милициясы айдоочуларга кайрылды
Буга ылайык жолдор тайгак болуп, электр чубалгылары менен дарактарга муз тоңот. Ал эми бийик тоолуу аймактардын жолдорунда кар күрткүсү пайда болот.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге чейин жетип, абанын температурасы төмөндөйт.

Чүй, Талас өрөөнүндө кечкисин —3…-8, күндүз 0…-5 градус болсо, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн 0…-5, күндүз 0…+5ке чейин жетет.

Ал эми Ысык-Көлдө түнкүсүн —5…-10, күндүз 0…-5 градус болсо, Нарында түнкүсүн —15…-20, күндүз —3…-8 суук болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0