Апта ичинде аба ырайы кандай болот. ӨКМ божомолу

© Фото / пресс-служба МЧС КРПринудительный спуск снежных лавин на автодороге Бишкек-Ош
Принудительный спуск снежных лавин на автодороге Бишкек-Ош - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймылы чектелиши зарыл

БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Жаап өткөн жаан-чачынга байланыштуу 27-ноябрдан 29-ноябрга чейин Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек — Ош автоунаа жолунун Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайынын 198-246-чакырымдарында кар көчкү түшүүсү күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык чектелиши зарыл.

28-ноябрда өлкө аймагында жаан-чачын болбойт. Жолдор тайгак жана тоңголок болушу күтүлөт.

29-ноябрда түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир аймактарында жамгыр себелеп, тоо этектери менен тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Ал эми Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын болбойт.

30-ноябрда кээ бир райондордо жаан жаап, тоо этектерине кар түшөт.

1-2-декабрда Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда кар жаайт. Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

3-4-декабрда айрым жерлерде кар жаашы күтүлөт. Абанын температурасы дээрлик өзгөрүлбөйт.

Ал эми Бишкек менен Ош шаарларында 28-30-ноябрда жаан-чачын болбойт.

Жаңылыктар түрмөгү
0