Жамал Фронтбек кызы: өлкөдө экинчи-үчүнчү аял болгондордун саны 50 миңге жетет

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Мутакалим" прогрессивдүү коомдук бирикмесинин жетекчиси Жамал Фронтбек кызы Sputnik Кыргызстан агенттигинде болгон кереге кеңеш учурунда
Мутакалим прогрессивдүү коомдук бирикмесинин жетекчиси Жамал Фронтбек кызы Sputnik Кыргызстан агенттигинде болгон кереге кеңеш учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Белгилей кетсек, дин аалымы Чубак ажы экинчи аял алганын билдирип, бул кадамы менен башкаларга үлгү болууну максат кылганын айткан болчу.

БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. Чубак ажынын аракети боюнча бийликтин расмий билдирүү жасабаганы мени өкүндүрөт. Бул тууралуу аялдардын "Мутакалим" прогрессивдүү коомдук бирикмесинин жетекчиси Жамал Фронтбек кызы Sputnik Кыргызстан агенттигинде болгон кереге кеңеште билдирди.

Нике кыйууга даярданып жаткан кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Токол алганы үчүн жазасын өтөп бүткөн эркек кайда барат. Юристтин түшүндүрмөсү
"Үч-төрт күндөн бери эч ким расмий жооп бербей жатат. Чубак ажы диний лидер катары чакырык таштап жатса мамлекет чара көрүш керек эле. Эгер тыюу салбаса экинчи аялга уруксат берип укуктук жактан коргоп бериши керек. Ортодо аялдар жабыркап жатат. Экинчи аялдар юридикалык укуктарын коргой албай калууда. Бийликтин унчукпай карап турганы өкүнүчтүү. Кыргызстанда экинчи-үчүнчү аял болгондордун саны 50 миңге чейин жетет. Аялдарды мээлей сыяктуу колдонуп жатышат. Бул аялдар кайда барат? Алардын укугун коргоп бергиле же эркек жоопко тартылсын", — деди ал.

Белгилей кетсек, дин аалымы Чубак ажы экинчи аял алганын билдирип, бул кадамы менен башкаларга үлгү болууну максат кылганын айткан болчу. Аалымдын бул кадамы социалдык тармакта кызуу талаш-тартышка жем таштаган эле.

Жаңылыктар түрмөгү
0