Граната, кайыган ок, атышуу. Кыргызстандын түрмөлөрүнөн дагы кимдер качкан?

© Sputnik / Табылды КадырбековИИМ кызматкерлери кылмышкерлерди издөө иштери учурунда. Архив
ИИМ кызматкерлери кылмышкерлерди издөө иштери учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкек менен Чүй облусунда тартип коргоо органдары Сокулуктагы убактылуу кармоо жайынан качып кеткендердин төртүнчүсү Кайрат Жанботоевди издеп жатат.

27-ноябрда качып чыккандардын экөө эртеси, үчүнчүсү андан кийинки күнү кармалып, Бишкектеги убактылуу кармоо жайына киргизилди. Алар талап-тоноочулук менен адам өлтүрүүгө күнөөлөнүп жатат.

Бул абактан качып чыгып, коомчулукту кооптондурган биринчи окуя эмес. Sputnik Кыргызстан агенттиги өлкөнүн түрмөлөрүнөн буга чейин качып чыгып, элди дүрбөлөң кылган окуяларды тизмектеп чыкты.

Зот залынан из жашыргандар

2010-жылы сот болуп жатканда Жумабек Закирбаевдин кылмыштуу тобу качып кеткен. Алар парламент депутаты Руслан Шаботоевди, эл өкүлү Жусупжан Жээнбековдун уулу Бактияр Амиражановду жана ишкер Игорь Гизейди өлтүрүүгө шектелген. Качкан учурда Закирбаев башында турган кылмыштуу топтун үч мүчөсү атышып кетип, аларды кайтарып бара жаткан конвойдун башчысына ок жаңылган. Сегиз күндөн кийин кылмышкерлер Бишкектеги жаңы конуштардын биринен кармалган. Аларды кармоо боюнча атайын операцияда Закирбаев жарадар болуп, бир нече убакыттан кийин көз жумган.

Үй-бүлөсүн көрүү үчүн качып… милиционерди өлтүрүп

Кишенчен адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Акаевдер, Бакиевдер... Мекенге кайтууга шашпаган чөт өлкөдөгү кыргыз саясатчылары
2014-жылдын октябрында курал сактагандыгы үчүн төрт жылга эркинен ажыратылган 43 жаштагы Александр Саяпин түрмөдөн качкан. Издөө жүрүп, бир айдан кийин ал тууралуу маалымат түшкөндөн кийин эки милиционер анын үйүнүн жанында буктурмага отурат. Качкын шыбырт алып калып, атышуу болуп кетет. Саяпиндин огу милициянын биринин көкүрөгүнө жана башына барып кадалат. Ошентип 28 жаштагы капитан Бакай Сыдыгалиев кылмышкердин колунан курман болот. Сот Саяпинди өмүр бою эркинен ажыраткан өкүм чыгарды. Ал суракта милиционерди өлтүрүүнү максат кылбагандыгын, аны "ЖАМКтын кызматкерлери аңдып жүрөт деп ойлогондугун" айткан.

Молдовановкада кылмышкерлер жер алдын казып…

Молдовановкадагы №16 катуу тартиптеги абакта камалгандар жердин алдын казган. Аны кызматкерлер камактагылар качып бара жатканда билип калышкан. "Жашыруун жол" бийик коргонго жакын жайгашкан устаканадан башталган, ал эми жер алдына кирген тешикти алар тактайдын таарындылары менен жаап коюшкан. Жер алды менен качкандарды эркиндикке чыгарына 5 метр калганда кармашкан. "Жашыруун жолдун" узундугу 20 метр болгон.

Кудум кинодогудай

Бычак кармаган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Өз энесин бычактаган уул, рэкетти кокуйлаткан пенсионер. 90-жылдардагы кылмыштар
2015-жылы Бишкектеги түрмөдөн Казакстандын эки жараны качып чыккан. Алар темир тордун артына жасалма документ менен чек араны кесип өткөнү үчүн түшкөн. Алардын бул кадамы атышуу жана кол граната колдонулган криминалдык кинотасманын сюжетине абдан окшош болгон. 2015-жылдын 1-июнунда колго түшүрүү учурунда алардын бири өзүн өзү жардырып жиберген, ал эми экинчиси эртеси күнү атайын операцияда жок кылынган.

Абактан качкан аялдар

Аялдардын №2 түрмөсүнөн 2015-жылы 22-августта алты жылга кесилген кыз качкан. Темир тордун артына уруулук үчүн түшкөн. Бир суткадан кийин ЖАМКтын кызматкерлери Ош калаасындагы Баткенге кетип бара жаткан бекеттен кармашкан. Декабрь айында дагы бир келин качкан. Аны ЖАМК кызматкерлери эки суткадан кийин Чүй облусунун Ак-Жол айылынан кармашкан. Уруулук менен отурган ал келинге качканы үчүн үч жылдык жаза мөөнөтү кошулган.

№50 абактагы кандуу качуу. Кырылган кылмышкерлер менен кызматкерлер

2015-жылдын 11инен 12-октябрына караган түнүн Төмөнкү Нооруз айылындагы (Чүй) түрмөдөн тогуз кылмышкер качып, кетип баратканда ЖАМКтын үч кызматкерин өлтүрүп, бирөөнү катуу жарадар кылып кетишкен. Ал эртеси күнү каза тапкан. Тогуз кылмышкердин көбү өмүр бою эркинен ажыратылгандар болгон.

Алардын бешөөнү көп узатпай эле ошол түнү кармашкан. Үчөө №47 абактын ооруканасында көз жумган. Ал эми калган төртөөнү издөө 10 күн уланып, тартип коргоочулар тикесинен тик туруп издешкен. Алтынчы күнү "Дордой-1" жаңы конушунда алардын бири кармалып, милиция Данияр Кадыралиев каршылык көрсөткөнү үчүн жок кылынды деп билдирди. Кийинчерээк Сокулук районунун аймагынан Азамат Мүсүралиев атып өлтүрүлдү. 21-ноябрда "Ала-Тоо" совхозу аймагынан үчүнчү качкын Эдил Абдрахмановду жарадар кылып кармашты. Анын колунда оюнчук тапанча болгондугун айтышты. 22-ноябрда алардын акыркысы жана согуш өнөрү боюнча тажрыйбалуусу Алтынбек Итибаев Бишкектин "Достук" кичирайонундагы ок жамгырдай жааган атайын операция учурунда жок кылынды. Бул дагы бир кандуу окуя болуп калды. Анда Итибаевден сырткары эки жай жаран менен милициянын атайын даярдыктагы аскеринин каны төгүлдү.

Кайтарып бара жаткандардан качып, кош бойлуу аялмын деп алдап…

Талоончулук үчүн темир тордун артына камалган 27 жаштагы эркек киши кайтарып бараткандардын көзүн жазгырып кеткен. Окуя 2016-жылы февралда болгон. Ал кайтаргандар болуп саунада кыздар менен эс алып жатканда жылт койгон. Эки аптадан кийин кармалган эркек аялдын кийими менен, андан сырткары, боёнуп алып качканын айтып берген.

Соттун имаратынан качып чыгып, туугандарыныкына баш калкалаган

Быйыл февраль айында Ош шаарында 42 жаштагы кылмышкер шаардык имараттын сотунан качып чыгып, туугандарыныкына жашырынууга аракет кылган. Анткен менен ал бир нече сааттан кийин колго түшкөн. Ага бул "аракети" үчүн дагы 3 жыл "белек кылынган".

Жаңылыктар түрмөгү
0