КРде терроризм жана экстремизм боюнча соттолгондордун саны үч эсеге көбөйдү

© Sputnik / Табылды Кадырбеков / Медиабанкка өтүүАбак. Архив
Абак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Террорчулук боюнча соттолгондор менен иштешүү максатында учурда жаза аткаруу мекемелеринин кызматкерлере атайын окуудан өтүп жатат

БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. 2010-жылдан бери өлкөдө террордук жана экстремисттик багытта кылмыш жасап соттолгондордун саны 79 адамдан 422ге көбөйгөн. Бул тууралуу БУУнун баңгизат жана кылмыш боюнча башкармалыгынын маалымат кызматы кабарлады.

Президент КР Сооронбай Жээнбеков принял председателя ГКНБ Абдиля Сегизбаева - Sputnik Кыргызстан
Сегизбаев интернетте экстремизмди жайылткандарга карата көзөмөлдү күчөтмөй болду
Билдирүүгө ылайык, экстремисттер азыр адамдарды өзүнүн уюмуна тартуу үчүн ар кандай ыкмаларды колдонууда. Анын ичинде социалдык тармак, онлайн видеоканалдар, радикалдык багыттагы чаттар жана башка жолдор бар.

Мындан улам жаза аткаруу мекемелеринин кызматкерлери үчүн атайын окуу иш-чаралары уюштурулган. Анда соттолгондордун арасында экстремисттик идеологиянын жайылып кетпешин көзөмөлдөөчү ыкмалар жана идеялар талкууланууда. Семинар эки жумага созулмакчы.

Жаңылыктар түрмөгү
0