БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Кыргызстанда 400 миң киши же жалпы калктын 6,4 пайызы курсагы тоё тамак ичпей ачкачылыктан жабыркайт.
Мындай маалыматтар Бириккен Улуттар Уюмунун азык-түлүк жана айыл чарба программасынын эксперттери тарабынан түзүлгөн "Европа жана Борбор Азияда 2017-жылы азык-түлүк коопсуздугу жана тамактануу жаатындагы жобо" аттуу докладында айтылат.Ага ылайык, Европа менен Борбор Азиядагы мамлекеттер ачкачылык менен күрөшүүдө бир топ алгылыктуу иштерди жасаган. Ага карабастан аймактагы 14,3 миллион киши жетиштүү деңгээлде тамактанбайт.
Борбор Азиядагы мамлекеттердин ичинен Тажикстанда абал өтө оор, тагыраагы 2,6 миллион киши (калктын 30 пайызы) курсагы тоё тамак ичпейт. Өзбекстанда дээрлик 2 миллион киши ырастап тамак жебейт. Түркмөнстанда 300 миңге жакын киши чала тоют болуп жүрөт.
Эң жакшы абал Казакстанда. Бул мамлекетте жашаган калктын 2,5 пайызы гана башкача айтканда 450 миң киши дайыма курсагы ток жүрбөйт.
БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Жол кырсыгына кабылган ырчы Анжелика Кайратованын чоң кызы Айыманын да мойнунун омуртка сөөктөрү сынганы аныкталды. Бул тууралуу ырчы өзү Instagram баракчасына жазды.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
Ал кыргызстандыктардан кызынын батыраак айыгып кетишин тилеп, дуба кылып коюуну сурап кайрылган.
"Айламды таппай турган кезим. Кызым белим дей берип, моюндун омуртка сөөктөрү сынганын эми көрүп жатабыз. Бир капталы кыймылдабай жатат. Элим, дуба кылалы, Аллахтан жардам, сиздерден жардам сурайм! Ушундай колдоо керекте жалгызсыратпаңыздар, суранам!" — деп кайрылды Кайратова.
Эске салсак, Анжелика Кайратова 23-январдын таңында Ысык-Көл облусунда жол кырсыгына кабылган. Автоунаасында өзү менен кошо үч кызы болгон. Дарыгерлер беш жаштагы кызынын эки бутунун тең кашка жиликтери сынып, ырчынын өзүнүн омурткалары жабыркаганын айткан. Экөөнө тең операция жасалган. Ал эми эки кызынын абалы туруктуу экени кабарланган болчу.
БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Жаңы шайланган президент Садыр Жапаровдун инаугурациясына чакырылган коноктордун баарынын коронавируска тапшырган тести таза чыкты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынын жетекчиси Нургазы Анаркулов билдирди.
Иш-чара санитардык-эпидемиологиялык талаптарга ылайык уюштурулуп, коноктордун баары коронавирус инфекциясына ПЦР-анализ тапшырышкан.
Садыр Жапаровдун инаугурациясы эртең, 28-январда, саат 11:00дө Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармонияда өтөт.