КРде 2018-жылы оң рулдуу таксилерге тыюу салуу маселеси кайрадан жанданды

Жазылуу
Оң рулдуу унааларга тыюу салган азыркы мыйзам 2020-жылы күчүнө кирет

БИШКЕК, 11-дек. — Sputnik. Кыргызстанда жаңы жыл алдында оң рулдуу таксилерге 2018-жылы тыюу салынат деген маалымат кайрадан талкууга түштү.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин редакциясына таксисттер кайрылышты. Алар ИИМ оң рулду унааларга 2018-жылы эле тыюу салууну сунуштап жатканына кабатыр болуп жатышканын билдиришти. Алардын айтымында, оң рулдуу унаа айдаган таксисттер көп болгондуктан миңдеген адамдар жумушсуз калышы мүмкүн. Алар парламенттин имаратынын алдында митинг өткөрүү маселесин дагы көтөрүп жатышат.

Съездбек Таштакеев жубайы Гүлбарчын Калдыбаева жана балдары менен - Sputnik Кыргызстан
Чемпиондорду өстүргөн 4 уул, 4 кыздын атасы: балдарды уктатып коюп такси айдайм
Депутаттар бул боюнча ИИМдин демилгесин али карай элек, бирок президент Сооронбай Жээнбеков шайлоо кампаниясы учурунда 2018-жылы оң рулдуу унааларга тыюу салууга болбой турганын билдирген. Ал такси айдап үй-бүлөсүн багып жаткандар көп экенин белгилеген.

2015-жылы Кыргызстанда Жол кыймылынын жаңы эрежелери кирген, ага ылайык, эреже бузууларга жаза эки эсе көбөйгөн. Былтыр Жогорку Кеңеш ошондой эле оң рулдуу унаалардын коммерциялык максатта колдонулушуна тыюу салуу маселесин да талкууга алган. Бирок, депутаттар оң рулдуу таксилерди көзөмөлдөөнүн механизми жоктугунан улам мыйзамдын тез арада ишке киришин туура көрүшкөн эмес.

Анын жыйынтыгында президент Алмазбек Атамбаев кол койгон мыйзамга ылайык, жүргүнчү ташуу тармагында оң рулдуу унааларга тыюу салчу мыйзам 2020-жылдан тарта гана күчүнө кире турган болгон. 

Жаңылыктар түрмөгү
0