Өлкөдөгү эң кымбат жаңы жылдык балаты кайсы шаарга коюлат? Рейтинг

© Sputnik / Саид Царнаев / Медиабанкка өтүүЖаңы жылдык балаты. Архив
Жаңы жылдык балаты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандагы айрым шаарлар мурдагы жылдары алынган балатыларды орнотуп жатышса, кээ бирлери борбордук аянтты кооздоого миллион сомдон ашык каражат сарптаганы жатат.

Жаңы жыл жакындаган сайын өлкөдө майрамга даярдануу кызуу жүрө баштады. Буга байланыштуу Sputnik Кыргызстан агенттиги кайсы калаа канча акчага балаты сатып алып жаткандыгын тактап көрдү. Тизме кымбаттан арзанга карай түзүлдү.

Бишкек шаары

Борбор калаа мурун алган балатыны пайдаланууда. Андан сырткары, 1 миллион 800 миң сомго жарык жана үн жабдууларын ижарага алып, 394 миң сом акчага аянтты жана сахнаны жасалгалап жатат.

Каракол шаары

Мэрия шаарга орнотулчу 21 метрлик балатыны 1 миллион 88 миң сомго алып койгон. Эми дагы 320 миң сомго балаты менен борбордук аянтты кооздоого оюнчук алууну пландап жатат.

Ош шаары

Шаар бийлиги балаты алууга жана борбордук аянтты жасалгалоого 900 миң сом сарптады. Балатынын бийиктиги 25 метрге жетет.

Кадамжай шаары

13 метрлик жасалма балатыны сатып алууга жана борбордук аянтты кооздоого 700 миң 726 сомдук тендер жарыяланган.

Жалал-Абад шаары

Мэрия 550 миң сомго үч жерге жасалма балаты тургузуп аларды жасалгалоо алдында.

Кызыл-Кыя шаары

359 миң 173 сомго 12 метрлик табигый балаты алып, борбордук аянтты кооздомой болду.

Кара-Балта шаары

Шаардык бийлик жасалма балатыны оюнчуктары менен 13 миң 100 сомго сатып алууну көздөөдө.

Ноокат

10 метрлик табигый балатыны жасалгасы менен 108 миң сомго алууну ойлонуштурууда.

Токтогул

Калаа жетекчилиги 15 миң 100 сомго 13 метрлик табигый балаты алууну пландап, жасалгаларды алуу үчүн тендер жарыялады.

Нарын шаары

Мэрия бийиктиги 14 метр болгон табигый балатыны белекке алды, эми 200 миң сомду шаардын жасалгасына жумшайт.

Талас шаары

16 миң сомго табигый балаты, 95 миң сомго оюнчуктар алат.

Көк-Жаңгак шаары

Өткөн жылы сатып алган балатыны пайдаланып, 23 миң сомго көрктөндүрүү иштерин жасайт.

Балыкчы шаары

20 миң сомго табигый балаты сатып алды, өткөн жылы алынган жасалгаларды пайдаланып, кооздоого акча коротпойт.

Кара-Көл шаары

Биологдор менен кеңешип калаада өскөн бийик балатыны борбордук аянтка отургузушту. Ал эми жасалгага коротула турган каражат азырынча тактала элек.

Исфана шаары

Шаар буга чейин отургузулган табигый балатыны жасалгалайт.

Чолпон-Ата шаары

Борбордук аянтты кооздого жана табигый балаты алууга 150 миң сомдой бөлүү пландалып жатат.

Кочкор-Ата шаары

Буга чейин алынган балатыны 60 миң сомго кооздойт.

Кант шаары

Жергиликтүү бийлик өткөн жылы алынган балатыны жана жасалгаларды пайдаланат.

Айдаркен

Аянтка көп жыл мурун отургузулган балатыны 10 миң сомдой акчага жасалгалайт.

Баткен

Борбордук аянтты жалпы 123 миң сомго жасалгалап, балаты алат.

Таш Көмүр

Үч жыл мурун алынган балатыны орнотот.

Ал эми Токмок, Кемин шаарлары азырынча балаты орнотуу, ага акча бөлүү маселесин карай элек.

Ошентип 2017-жылы жергиликтүү казынадан шаарларга жаңы жылдык балаты алуу жана борбордук аянтты кооздоо иштерине 6,5 миллион сомдон ашык каражат сарпталат.

Маалыматтар шаардык бийликтерден жана Мамлекеттик сатып алуулар порталынан алынды.

Жаңылыктар түрмөгү
0