Кыргызстандыктар туугандарына канча акча коротот. Статистика

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүПразднование золотой свадьбы в семье алтайских казахов Дюсенби и Марии Кобдобаевых
Празднование золотой свадьбы в семье алтайских казахов Дюсенби и Марии Кобдобаевых - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Туугандарга кеткен акчанын көлөмү батир, унаа, эмерек жана мектепке чейин билим берүүгө кеткен каражаттан ашып түшөт.

БИШКЕК, 14-дек. — Sputnik. Улуттук статистикалык комитет Кыргызстандын жарандары туугандарына материалдык жардам катары канча акча короторун эсептеп чыкты.

Обращение сома в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандагы жогорку маяналуу 10 кесип
Ведомствонун маалыматына караганда, үй-бүлөсүн эркек башкарган бүлөлөрдө жалпы кирешенин 0,8 пайызы туугандарга кетет. Ал эми үй-бүлөдө аял башчы болгон бүлөлөрдө бул багытка 0,7 пайызы жумшалат.

Эсептөөлөр боюнча туугандарга кеткен акчанын көлөмү батир, унаа, эмерек жана мектепке чейин билим берүүгө кеткен каражаттан ашып түшөт. Бул багыттарга жарандар кирешесинин 1 пайыздан ашыгын короткусу келбейт.

Өлкө боюнча жарандардын көпчүлүгү кирешесинин 41 пайызын азык-түлүккө сарптайт. Ал эми ар бир онунчу сом кийим алууга кетет. Алдыңкы үчилтикти салык жана башка төлөмдөр ээлейт.

Жаңылыктар түрмөгү
0