КРде бут кийим чыгаруу азайганы менен куртка, пальтолор көбүрөөк тигиле баштады

© Sputnik / Михаил Воскресенский / Медиабанкка өтүүОбувная фабрика в сирийской провинции Хама
Обувная фабрика в сирийской провинции Хама - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Улуттук статистика комитети 11 ай ичиндеги социалдык-экономикалык абал тууралуу жыйынтык чыгарды

БИШКЕК, 21-дек. — Sputnik. Кыргызстанда ич кийим менен бут кийим азыраак чыгарылып калганы менен пальто, курткалар көбүрөөк тигиле баштады. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин 2017-жылдын январь–ноябрь айларына карата социалдык-экономикалык абал боюнча отчетунда айтылды.

Бул аралыкта 3 миллион 460 миң түгөй бут кийим тигилген. Бул былтыркы жылдын ушул убактысындагы көрсөткүчтөн 2,9 миллионго аз. Ал эми ич кийимдердин саны 414 миң даанага азайып, 7 миллион 286 миңди түздү.

Анткен менен эркектердин сырткы кийими — 3,4 миллион даанага (былтыр 2 миллион), аялдардыкы — 15,8 миллион даанага (былтыр 15,3 миллион) жетти.

Жаңылыктар түрмөгү
0