Forbes журналы Кыргызстанды бизнес кылууда эң начар өлкөлөрдүн катарына кошту

Жазылуу
Америкалык журнал акыркы 12 жылда мамлекеттердин экономикаларын иликтеп, кайсы өлкө ишкердик кылууга ыңгайлуу экенин аныктады

БИШКЕК, 22-дек. — Sputnik. Американын финансы-экономикалык Forbes журналы 2018-жылы бизнес кылуу үчүн жакшы болгон мамлекеттердин рейтингин чыгарды. Анда Кыргызстан 123-орунга илинген.

Обращение сома в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандагы жогорку маяналуу 10 кесип
Жалпысынан 153 мамлекеттеги экономикалык абалга анализ жасалып, эксперттер негизги 15 критерий менен баа беришкен. Анын ичинде менчик укугу, инновацияны киргизүү деңгээли, салыктын көлөмү, технология, коррупциянын деңгээли, бюрократия жана инвестициянын корголошу бар.

Борбор Азия мамлекеттеринин ичинен Казакстан (65-орун) алдыда турат. Экинчи орунда Өзбекстан (99-орун), үчүнчүдө Тажикстан (108-орун). Ал эми Кыргызстан коңшу мамлекеттердин арасынан эң акыркы орунга (123-орун) татыган.

"Кыргызстан өзүнүн экспорттук базасын кеңейтүү үчүн чет элдик инвестицияны тартууга аракет кылып жатат. Анын ичинде ГЭСтерди куруу дагы бар. Бирок оор инвестициялык климат жана өлкөдөгү ири алтын кенин иштеткен канадалык фирма менен соттошуунун уланып жатышы интвесторлорду чочулатууда", — деп Forbes журналында айтылат.

Рейтингдин көч башында Улуу Британия турат. Андан кийинки орундарда Жаңы Зеландия, Нидерланддар, Швеция жана Канада.

Ал эми акыркы орундарды Ливия, Афганистан, Гаити, Гамбия жана Чад мамлекеттери ээлеген.

Жаңылыктар түрмөгү
0