Суктанып гана кала бердик... Тоок жылында турмушка узаган атактуу бийкечтер

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандык алып баруучу Рахат Божокоеванын архивдик сүрөтү
Кыргызстандык алып баруучу Рахат Божокоеванын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекетти каттоо кызматынын расмий маалыматы боюнча Кыргызстанда соңку жети жылдын (2010-2016) аралыгында 368 007 түгөй никеге турган.

БИШКЕК, 1-янв. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын 10 айында (январь-октябрь) өлкө боюнча 36 354 жуп расмий түрдө каттоодон өтүп нике күбөлүгүнө ээ болушкан. Алардын катарында таланты менен эл оозуна алынган чыгармачылык чөйрөнүн чырайлуу бийкечтери да бар.

Sputnik Кыргызстан агенттиги тоок жылында келин статусуна ээ болгон атактуу кыздарды тизмектеди.

1. Жыл жаңырары менен эле ырчы жана актриса Чолпонай өзүнүн продюсери Эрнест Уметалиевге турмушка чыкканын жарыялады. Алар 10 жыл сүйлөшүп жүрүп баш кошушкан.

Чолпонай 29 жашта. Өнөр адамдары башкалар сыяктуу жүздөгөн кишилерди чакырып ресторанда той беришкен жок. Түгөйлөр үлпөт тоюн жакын достору жана санаалаштары менен Дубайга барып өткөрүүнү чечишкен.

2. Бир башын эки кылып жаңы жылга жаңы кадам менен кирип баргандардын катарын журналист Айгерим Акылбекова толуктады. Ал телеканалдардын биринде иштеген кесиптеши Эркин Нурбаев менен чакан мамлекетинин пайдубалын түптөгөн. Жубайлар эки жылдан ашуун сүйлөшүп турмуш жолуна кадам таштаган.

Айгерим Акылбекова 24 жашта. Журналисттин өмүрлүк жары боло турчу жигит аны жаңы жылды достору бирге тосууга чакырып ошол жерден колун сураган. Учурда жаш үй-бүлө бир кызды тарбиялап жатышат.

3. Актриса, модель, "Кыргызстан сулуусу-2014" жана "Интернет KG сулуусу-2012" наамдарынын жеңүүчүсү Айкөл Аликжанова да бул жылы жүрөгүнүн ээсин таап, июль айынын соңунда расмий каттодон өтүп үлпөт тоюн өткөрдү.

Айкөл Аликжанова 27 жашта. Учурда дизайнерлик менен алектенет. Ал 2016-жылы чыгармачылыгын таштап мындан ары хиджап кийип жүрө турганын жарялаган.

4. "Шаардык келин Шарапат", "Гаишниктер", "Уурунун махабаты", "Умей любить" тасмаларында роль жараткан актриса жана ырчы Алиша Диа Бакыт Бегалиев аттуу мырзага турмушка чыгып 2-сентябрда тоюн өткөрдү. Түгөйлөр 8 жылдан бери сүйлөшүп жүрүшкөн.

Алиша Диа 27 жашында бүлө курууга кадам таштады. Жолдошу анын төрт жолу колун сураганда баш тартып коюп, бешинчисинде макулдугун берген. Буга анын турмуш курууга даяр эместиги жана чыгармачылыгы себеп болгон.

5. Куудул, алыш күрөшү боюнча машыктыруучу Кабыл Бөрүбаевдин кичүү кызы Кызсайкал Кабылова күздүн алгачкы айында турмуш жолуна аттанды. Эки жаштын үлпөт тою борбор калаадагы ресторандардын биринде өттү. 21 жаштагы бийкеч Эрнис Айдаралиев атуу жигит менен сүйлөшүп жүрүп баш кошкон. Кызсайкал алты жашынан тарта сахнага кадам таштап шоу-бизнесе аралашкан. Агасы Мажит дагы чыгармачылык менен алектенет. Жогорудагы ырды карындашына арнап чыгарган.

6. Актрисалык өнөрү менен элге таанылып, телеканалдарда көңүл ачуучу программаларды алып барып жүргөн Рахат Божокоеванын үлпөт тою 27-октябрда Бишкектеги ресторандардын биринде өттү.

Рахат Божокоева 23 жашта. Жолдошу менен эки жылдай кыз-жигит болуп жүрүп анан жубайы болууга макулдугун берген. Чырайлуу кыздын сүйүктүүсүнүн колун кармап кеткени далай жигиттердин жүрөгүн ооруткандай болду.

7. "Кыз-Бурак" тобунун негиздөөчүсү Гулшайыр Садыбакасованын кызы Сайкал, теле алып баруучу Маскат Довароновдун жубайы болду. Эки жаштын үлпөт тою 16-ноябрда Ош калаасында 700дөн ашуун коноктун коштоосунда болуп өттү.

Сайкал Садыбакасова 25 жашта. Жаш жубайларга белгилүү ырчы Самара Каримова менен жолодшу Асан Мансуров өкүл ата, өкүл эне болушкан. Түгөйлөрдүн мамилеси тууралуу тойго чейин эч ким билген эмес. Качан гана Сайкалга сөйкө салып кеткенден кийин коомчулукка ачыкташан.

8. Жигиттердин арзуусуна айланган атактуу актриса Элина Абай кызы белгилүү кикбоксер Кумар Жалиевдин колун кармап бирге түтүн булатууга бел байлады. Алар 27-ноябрь күнү элден бата алып заманбап той беришкен. Кино жана кикбокс жылдыздары узак мөөнөттөн бери кыз-жигит болуп жүрүшкөн. Элина менен Кумар буга чейин "Гаишники" тасмасында башкы каармандардын ролун аткарышкан.

Учурдун белгилүү актрисасы Элина Абай кызы 27 жашта. Ал "Уурунун махабаты", "Гаишники", "Сулуулар жана миллион", "Күкүк Шахра", "Курманжан датка", "Саякбай" тасмаларында роль жаратып, калың элдин оозуна алынган. Актрисанын жүрөгүн багындырган Кумар Жалиев кикбокс боюнча дүйнөнүн жана Евразиянын эки жолку, Азиянын бир жолку чемпиону.

9. Таң эрте жаркылдап эфир аркылуу амандашкан теле алып баруучу Канышай Рысбекова жылдын аягында өмүрлүк жары менен үй-бүлө очогуна баш бакты. Түгөйлөр махабат майрамын 12-декабрда дос, тууган, санаалаштарынын коштоосунда өткөрүштү.

Канышай Рысбекова 22 жашта.

Жаңыдан түптөгөн мамлекетиңердин пайдубалы бекем болсун! Жакшылык кечелердин аягы суюлбай, тойлор тойго улансын! Ар бир үйдө наристенин үнү жаңырып турушун каалайбыз!

Жаңылыктар түрмөгү
0