Кыргызстандыктар диний билимди кайдан алышат. Сандар сүйлөйт

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүПраздник Ураза-Байрам в Казани
Праздник Ураза-Байрам в Казани - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дааватчылар тууралуу маалыматтарда алардын үй-бүлөсү менен кеткендери да бар экендиги айтылган

БИШКЕК, 2-янв. — Sputnik. Кыргызстандыктар диний билимди Египеттен, Түркиядан, Иорданиядан, Сауд Арабиядан, Сирия, Ливиядан жана Пакистандан алышат. Бул туурасында Булан институнун "Кыргызстандыктардын чет өлкөлөрдөн исламий диний билим алуусу: кырдаалдык анализ" деп аталган отчетунда баяндалган.

Андан сырткары, бир нече айлык дааваттарга Индия, Бангладешке кеткендер бар.

Праздничный намаз в честь Курман айта. - Sputnik Кыргызстан
Абдышүкүр Нарматов, муфтий Токтомушев, Чубак Жалилов кайдан окуп келген. Иликтөө
Отчетто учурда Египетте Кыргызстандын 500гө чукул, Иорданияда 40тан ашык жараны билим алып жатканы кабарланган.

Түркиядан диний билим алгандар да аз эмес. Бир мисал, ОшМУнун теология факультети менен Анкара университетинин келишиминин негизинде бир топ жарандар аталган өлкөдөн окуп келген. Эгерде сандар менен айтсак, аталган университеттин бүтүрүүчүлөрүнөн эле 500дөн ашык адам Түркиядан окуган.

Ал эми Аммандагы Иордания университетинде окуп жаткан Абдунасир Абдисаматов аталган өлкөдө болжол менен 40тын тегерегиндеги мекендештерибиз окуп жатканын билдирген.

Дааватчылар тууралуу маалыматтарда үй-бүлөсү менен кеткендер бар экендиги айтылган.

"Учурда Кыргызстандан Бангладеш, Шри-Ланка жана Индияга дааватка жана 3-4 айлык диний курстарга бала-чакасы менен кошо кеткендер бар. Алар адатта 15-20 адам топ-топ болуп жолго чыгышат", — деп айтылган отчетто.

Тынчтык инновациялары боюнча Булан институту – Кыргызстанда светтик жана диний билим берүү системасын реформалоо боюнча иш алып барган бейөкмөт уюм. Буга чейин Кыргызстандагы диний окуу жайларынын, негизинен медреселердеги окуу программалары менен окуу шарттары боюнча баяндама жарыялаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0