Башкы прокуратура: былтыр экстремисттик маанайдагы 159 сайтка бөгөт коюлду

© Sputnik / Жоомарт УраимовУюлдук телефон. Архив
Уюлдук телефон. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Көзөмөл органы экстремисттик сайттарды издөө иштерин улантууда

БИШКЕК, 9-янв. — Sputnik. Өткөн жылы Башкы прокуратуранын арызы менен Кыргызстандын аймагында экстремисттик маанайдагы 159 сайтка бөгөт коюлду. Бул туурасында аталган органдын маалымат кызматынан кабарлашды.

"Башкы көзөмөл органы жалпысынан 15 арыз жазган. Анын негизинде экстремисттик жана террористтик маалыматтарды таркаткан 159 сайтка Кыргызстандын аймагында бөгөт коюлду. Алардын 27си "Хизб-ут-Тахрир-аль-Ислами", "Талибан", "Ислам мамлекети" сыяктуу уюмдарга тиешелүү болгон ", — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле прокуратура аталган жаатта ишин улантып жатканы кошумчаланды.

Жаңылыктар түрмөгү
0