Ымыркайды кармаган жигит. Архивдик сүрөт

Өкмөт: сүйүнчү пул берүүнүн жол-жобосу жөнөкөйлөштүрүлөт

195
(жаңыланган 19:49 10.01.2018)
Өкмөт башчы сүйүнчү акча берүүнүн жеңилдетилген механизмин 2018-жылдын 15-февралына чейин иштеп чыгууну тапшырды

БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. Ымыркай төрөлүшү менен берилчү сүйүнчү пулду алуу жеңилдетилет. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Кечээ, 9-январда, өкмөт башчы Сапар Исаков ымыркай төрөлгөндө сүйүнчү пулду эсептөө маселеси боюнча кеңешме өткөрүп, жарандар үчүн бул процедураны болушунча жеңилдетүү керектигин баса белгиледи.

"Жарандарыбыз сүйүнчү акчаны алуу үчүн ар кыл инстанцияларга чуркап убара болбошу керек. Алар баласына туулгандыгы тууралуу күбөлүк алган соң, башка керектүү документтерин алып жергиликтүү социалдык колдоо көрсөтүү органдарына тапшырат. Туулгандыгы тууралуу күбөлүк алууда, Каттоо кызматы банктык эсебин дагы сурап калат. Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги сүйүнчү акча даяр болгондо жарандын эсебине которот да, андан соң аларга өкмөттөн тийиштүү билдирүү келет", – деди Исаков.

Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Дастан Догоевдун айтымында, учурда МКК менен Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин ортосунда сүйүнчү акча алуу үчүн толук электрондук карым-катнаш иштелип жатат.

"Аталган процедура жеңилдетилген түрдө жүрөт. Төрөлгөндүгү тууралуу актыны каттоодо ымыркай, анын ата-энеси, жашаган жери, ошондой эле банк эсебинин номери тууралуу маалымат электрондук түрдө МКК тутумунан Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин тутумуна жөнөтүлүп турат", — деди Догоев.

Ал эми Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Таалайкүл Исакунова аталган жөлөк пулду алуу үчүн кайрылгандар акчасын үстүбүздөгү жылдын февраль айынын орто ченинде ала баштай турганын кошумчалады.

Сүйүнчү акча кайсыл баскычка жетип калгандыгы тууралуу бардык маалыматтар жарандардын уюлдук номерине смс-билдирүү аркылуу келип турат.

Өкмөт башчы сүйүнчү акча берүүнүн жеңилдетилген механизмин 2018-жылдын 15-февралына чейин иштеп чыгууну тапшырды.

195
Белгилер:
өкмөт, ымыркай, сүйүнчү, Кыргызстан
Тема:
Жөлөк пул (30)
Тема боюнча
Нарын: бөбөккө бөлүнгөн акчанын кесилиши кейитип... Жөлөк пул, ачкачылык, нааразылык"
Кыргызстанда жаңы төрөлгөн бардык ымыркайлар үчүн сүйүнчү акча бериле баштады
Жогорку Кеңеш жөлөк пул боюнча өзгөртүүлөрдүн мөөнөтүн узартты
Футболисттер машыгып атат. Архивдик сүрөт

КРдеги футболдук үч клубга айып салынды. Машыктыруучу 50 миң сом төлөйт

79
Дисциплинардык комитет оюн талаасында күч колдонгон, үчтөн ашык эскертүү алган жана маалымат жыйынга катышпаган тараптарга айып салды.

БИШКЕК, 13-авг. — Sputnik. Бир катар жергиликтүү футболдук клубдарга айып пул салынды. Бул тууралуу Кыргыз футбол кеңешинен (КФК) билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган бирикменин дисциплинардык комитети "Алай" футбол клубунун машыктыруучусу Бакыт Маматовго 50 миң сом айып пул салып, алты айга спорттук ишмердүүлүккө катышууга тыюу салды.

Кыргызстандык футболчу Гүлжигит Алыкулов УЕФАнын мелдешинде ойнойт

КФК эреже бузган "Алга" клубун 2000 сомго, "Алай" командасын 3500 сомго, "Абдыш-Атаны" 2000 сомго төлөмөр кылган.

Алар оюн талаасында бирөөгө карата күч колдонуп, үчтөн ашык эскертүү алып, уюштурулган маалымат жыйындарына катышкан эмес.

 

79
Белгилер:
клуб, айып пул, футбол, Кыргызстан
Тема боюнча
Кыргызстандык футболчу Гүлжигит Алыкулов УЕФАнын мелдешинде ойнойт
Шоро премьер-лигасынын беттештеринде тең чыгышты. Күйөрмансыз оюндар
Криштиану Роналду эзелки атаандашы Лионель Мессинин клубуна өтөбү?
Эгин талаа. Архив

Жумага карата аба ырайы

49
(жаңыланган 21:03 13.08.2020)
Синоптиктер 14-августта түнкүсүн өлкөнүн кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөрүн маалымдашты.

БИШКЕК, 13-авг. — Sputnik. Жума күнү, 14-августта, күндүз республиканын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, дыйканчылык аймактарында күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүйдө +27...+32, Талас аймагында +26...+31, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +29...+34, Ысык-Көл жана Нарын жергесинде +20...+25 градус болору айтылды.

Күндүн табы Бишкекте +29...+31, Ош калаасында +32...+34 градуска чейин жетсе, Чолпон-Атада термометрдин көрсөткүчү +22...+24 градуска көтөрүлөт.

49
Белгилер:
Кыргызстан, аба ырайы
Тема боюнча
Шашылыш билдирүү! Бүгүн, эртең тоолуу аймактарда сел жүрөт
Беларустагы башаламандыктын катышуучусун кармап жаткан милиция кызматкери

Беларустагы башаламандыкта 68 кабарчы кармалып, 20дан ашыгы дагы эле камакта

0
(жаңыланган 23:57 13.08.2020)
Буга чейин бир катар жергиликтүү жана чет элдик кабарчыларга карата күч колдонуп, аларды камакка алган фактылар болгон.

БИШКЕК, 13-авг. — Sputnik. Беларуста укук коргоо кызматкерлери 9-августтан бери 68 кабарчыны кармаган, 20дан ашыгы дагы эле камакта. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазып чыкты.

Беларустагы журналисттер ассоциациясынын маалыматына ылайык, 23 журналист камакта.

"13-август саат 17.40ка карата 23 журналист камакта жатат. 9-августтан бери жалпы 68 кабарчы кармалган. Аларга карата күч колдонгон 29 учур катталган", — деп жазылган ассоциациянын Telegram-каналында.

Лукашенко: митингге чыккандарды чет мамлекеттен туруп көзөмөлдөшкөн

Башаламандыкта буга чейин "Комсомольская правданын" журналисти менен айдоочусу сабалган. Кийин жергиликтүү погончондор BBC кызматынын үч кызматкерине кол салган деп айтылат маалыматта. Андан сырткары, Onliner порталынын эки кабарчысына күч колдонуп кармаган.

Ага чейин бир катар россиялык жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү да колго түшүп, айрымдарын Беларусь беш жылга өлкө аймагына кирүүгө тыюу салып, коё берген.

0
Белгилер:
кармоо, журналист, Беларусь
Тема:
Беларустагы нааразылык акциялары
Тема боюнча
Минскидеги башаламандык таңга жуук токтоду
Лукашенко: митингге чыккандарды чет мамлекеттен туруп көзөмөлдөшкөн