Сооронбай Жээнбеков 2018-жылды Региондорду өнүктүрүү жылы деп жарыялады

© Sputnik / Табылды КадырбековЖизнь и быт в Нарынской области
Жизнь и быт в Нарынской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
2017-жыл Ыйман, адеп жана маданият жылы катары белгиленген

БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков 2018-жылды Региондорду өнүктүрүү жылы деп белгиледи. Бул тууралуу өлкө башчынын расмий сайтында кабарланды.

Тийиштүү Жарлыкка Жээнбеков 9-январь күнү кол коюп, бүгүн Нарын облусунун эли менен болгон жолугушууда жарыялады.

"2018-жыл региондорду өнүктүрүүнүн системалык өзгөрүшүнүн башталышы болушу керек. Бул бардык бийлик органдарынын жана жарандык коомдун аракетин талап кылат. Жогорку Кеңеш менен өкмөткө аймактарды өнүктүрүү боюнча сунуштамалар берилди", — деди Жээнбеков.

Выставка Фабрика елочных игрушек в Казани - Sputnik Кыргызстан
Президенттин атынан өлкө боюнча 70 бала белек алды
Президенттин айтымында, өзгөчө басым аймактарда жумуш орундарын түзүүгө, жол транспорт инфраструктурасын жакшыртууга, ишкерликти өнүктүрүүгө жасалат.

"Айрым учурларда кайсы бир аткаминерлер же чоң кызматта тургандар бюджеттик каражаттарды өзүнүн кичи мекенине жумшап жатышат. Ошол эле маалда кээ бир айыл-кыштактарда таптакыр эле социалдык объектилер салынбай калууда. Биз буга жол бербей, бардык каражаттарды адилеттүү бөлүштүрүшүбүз керек", — деди президент.

Эске салсак, 2017-жыл Ыйман, адеп жана маданият жылы деп жарыяланган.

Жаңылыктар түрмөгү
0