Кыргызча "жаза албаган" сайттар. Бийлик органдары маалыматын кантип жайылтат

© SputnikКомпьютерде иштеп жаткан бала. Архив
Компьютерде иштеп жаткан бала. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан агенттиги бул жолу өкмөттүн облустагы өкүлчүлүктөрү, мэрия, мамлекеттик кызматтар жана комитеттердин расмий сайты кандай иштеп жатканына баам салды. Анда беш облус жетекчилигинин сайты такыр жок болуп чыкты. Ошондой эле айрым бийлик органдары иш кагаздарын кыргыз тилинде толтурбай турганы аныкталды.

БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. Өкмөттүн "Таза коом" долбоорунун башкы максаттарынын бири ачык санариптик коомду түзүү болуп саналат. Анын концепциясында бийлик органдары онлайн режимге өтүп, маалыматтардын ачык сакталуусу каралган. Маалыматтарды ачык жарыялоо бизнес тармагындагыларга, журналисттерге, изилдөөчүлөргө, академиялык чөйрөдөгүлөргө, бейөкмөт уюмдарга жана башка тармактарда иштегендерге жардамы тиет.

Өкмөттүн облустагы өкүлчүлүктөрү

Ноутбукта иштеп жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ойготуп койгулачы! Кайсы министрликтин сайты кандай иштейт
Өкмөттүн өкүлдөрүнүн жасаган иштери тууралуу маалымат катчылары өзүнүн баракчалары аркылуу гана социалдык тармактарга жарыялап турушат. Бирок сайт ачып облуска тиешелүү маалыматтарды кеңири жайылткандарды кездештирүү кыйын. Ош, Жалал-Абад, Баткен, Чүй жана Ысык-Көл облустарына тиешелүү маалыматтарды каалаган убакта ала албайсыз. Анткени облус жетекчилигинин расмий сайты ачылган эмес. Башкалардан өзгөчөлөнүп өкмөттүн Талас менен Нарындагы өкүлчүлүгүнүн расмий сайты иштеп, кыргыз жана орус тилиндеги маалыматтарды жарыялап турушат.

Анткен менен мыйзам боюнча өкмөттүн облустагы өкүлчүлүктөрүнүн расмий сайттары болушу керек деген милдеттеме жок.

Шаар мэриялары

Бишкек шаарынын мэриясынын сайтында маалыматтар мамлекеттик жана расмий тилде жарыяланат. Акыркы жаңылык орус тилинде 10-январда чыкса, кыргызчасы өткөн жылдын 23-декабрынан бери жүктөлө элек. Эң негизгиси шаардын тарыхы тууралуу маалымат кыргыз тилинде жазылган эмес. Facebook тармагындагы расмий баракчасы активдүү иштейт.

Ош шаарынын мэриясынын сайтында жаңылыктар кыргыз жана орус тилинде жүктөлөт. Акыркы жолу 8-январда жарыяланган. Бирок шаардын тарыхы менен орус тилинде тааныша албайсыз. Facebook тармагындагы баракчасына жаңылыктар ыкчам жарыяланып турат.

Нарын шаарынын мэриясынын сайтында маалыматтар кыргыз тилинде гана жайгаштырылат. Соңку жаңылык 10-январда киргизилген. Шаардын тарыхы менен да таанышуу мүмкүнчүлүгү түзүлгөн.

Статуя Каина в саду Тюильри, Париж - Sputnik Кыргызстан
Ызы-чуу менен ээрден шыпырылгандар. Ким кантип кызматтан алынды
Жалал-Абад шаардык мэриясынын расмий сайты жок. Бирок ал кызматты мэриянын алдындагы маалымат борбору мекемесинин сайты аткарат. Ошол жактан шаарга тийиштүү маалыматтарды ала аласыз. Кыргыз жана орус тили бөлүмдөрү бар. Акыркы жаңылык 5-январда жүктөлгөн. Шаардын тарыхы тууралуу толук маалымат жазылган эмес.

Ал эми Каракол, Баткен жана Талас шаарларынын мэриясы расмий сайтын ача элек.

Мамлекеттик комитеттер

Эң сырдуу жумушту аркалаган Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин сайтына маалыматтар кыргыз жана орус тилинде жарыяланып турат. Соңку жаңылык 29-декабрда жүктөлгөн.

Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин сайтында өздүк материалдары кыргыз жана орус тилинде жазылган. Бирок коомго жарыялаган жаңылыктары "Кечиресиздер, азырынча кыргызча котормосу жок" деген баш сөз менен жалаң гана расмий тилде жүктөлөт. Маалыматтар акыркы жолу 27-октябрда чыккан.

Портфель - Sputnik Кыргызстан
"Көчмөн" аткаминерлер. Эзели ээрден түшпөгөн чиновниктердин тизмеси
Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин сайтынан кыргыз тилиндеги бир да материал таба албайсыз. Кыргызча, орусча, англисче деген бөлүмү көрсөтүлгөнү менен дээрлик баары орусча жазылган. Соңку маалымат 14-декабрда жүктөлгөн.

Маалыматтык технологиялар жана маалыматтык байланыш комитетинин сайтында дагы ушундай эле көрүнүш. Бир да кыргызча маалымат жок, баары расмий тилде жазылган. Соңку жаңылык 25-декабрда жарыяланган.

Мамлекеттик кызматтар

Жаза аткаруу кызматынын сайты убактылуу иштебейт. Ведомствонун маалымат кызматы учурда сайттын доменин узартуу мөөнөтү келгендиктен иштебей калганын айтып, жакын арада кайра жандана турганын билдирди.

Вирус-вымогатель атаковал IT-системы компаний в разных странах - Sputnik Кыргызстан
Өкмөт башчы шайлоодо чуу жараткан samara.kg сайты боюнча пикирин билдирди
Салык кызматынын сайтында дагы кыргызча маалымат жок. Жаңылыктар бөлүмүнө акыркы жолу 31-декабрда төрага Октябрь Абдыкаимовдун куттуктоосу жүктөлгөн. Бул боюнча ведомствонун маалымат кызматы учурда сайтты заман талабына ылайыкташтырып модернизациялоо иштери жүрүп жатканын айтып, жаңыланган варианты февраль айынын соңунда толук ишке кире турганын билдирди. Анда материалдардын баары эки тилде жүктөлөт.

Ал эми Бажы кызматынын сайтына баш баксаңыз ал жактан да кыргызча маалыматтарды таппайсыз. Акыркы кабар 5-январда жүктөлгөн.

Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматында деле ушундай көйгөй. Сайтынан кыргыз тилиндеги материалдарды күндүз чырак менен издеп да таппайсыз. Жаңылыктарды акыркы жолу 14-декабрда жүктөгөн.

Соттук-эксперттик кызматынын сайтында бир да кыргызча маалымат жок. Баары расмий тилде жазылат. Акыркы жаңылык 13-декабрда чыккан.

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын сайтында тиешелүү документтер кыргыз тилинде болгону менен коомго жарыяланган жаңылыктары жалаң орусча жазылат. Акыркы маалымат 10-январда жүктөлгөн.

Митинг сторонников президента Киргизии Курманбека Бакиева - Sputnik Кыргызстан
Изделбей, Интерполдун тизмесинен өчкөн кыргызстандык экс-саясатчылар
Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын сайтында тиешелүү документтер эки тилде тең жазылган. Бирок жаңылыктары "кыргыз тилинде бул материал азырынча жеткиликтүү эмес" деген баш сөз менен орус тилинде чыгат. Акыркы жаңылык 8-январда жарыяланган.

Миграция кызматында тиешелүү материалдар жана жаңылыктар кыргыз, орус тилинде жазылган. Кыргыз тилиндеги акыркы жаңылык өткөн жылдын 22-ноябрында, орус тилиндегиси 26-декабрда жарыяланган.

Чек ара кызматынын сайтында тиешелүү материалдар да, коомго жарыяланган жаңылыктар да эки тилде тең чыгып турат. Акыркы маалымат 9-январда жарыяланган.

Интеллектуалдык менчик жана инновациялар кызматынын сайтында өзүнө тиешелүү материалдары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жазылган. Жаңылыктары да эки тилде жарыяланат. Акыркы жолу 8-январда жүктөлгөн.

Мамлекеттик каттоо кызматынын сайтында маалыматтар кыргыз жана орус тилинде бирдей чыгып турат. Акыркы жаңылык 9-январда жарыяланган.

Мамлекеттик тил комиссиясы эмне дейт?

Бул боюнча Мамлекеттик тил комиссиясы мыйзамда жалпыга маалымдоо каражаттарында мамлекеттик тилдин колдонулушу 50 пайыздан жогору болушу керек деп жазылганын, бирок ага ведомстволордун сайттары кирбей турганын айтты. Демек мыйзам боюнча ведомстволордун эки тилди бирдей сактоосун эч ким көзөмөлдөй албайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0