Мамкызматкерлердин декларация тапшыруу мөөнөтү аныкталды

© Sputnik / Михаил Мордасов / Медиабанкка өтүүСалык декларациясын толтуруп жаткан адам. Архив
Салык декларациясын толтуруп жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Декларацияны өз убагында тапшырбагандыгы үчүн жеке жактарга 2000 сом жана юридикалык жактарга 10 000 сом өлчөмүндө административдик айып салынат

БИШКЕК, 11-янв. — Sputnik. 2017-жылдын жыйынтыгы боюнча Бирдиктүү салык декларациясын кабыл алуу кампаниясы башталганын Мамлекеттик салык кызматы билдирди.

Декларация тапшыруу өнөктүгү эки этап менен өтмөкчү: 1-мартка чейин – юридикалык жактар, 1-апрелге чейин жеке жактар өткөн жылы алынган кирешелер, же жер тилкелери жана мүлк объектилери, экономикалык ишмердиктери тууралуу жана башка маалыматтар жөнүндө салык органдарына отчет берүүсү керек.

Деньги - Sputnik Кыргызстан
Салыкчылар карызын төлөбөгөн 25 миңден ашуун ишкерди издеп тапты
"1-мартка чейин Бирдиктүү салык декларацияны ата мекендик уюмдар, дыйкан, фермердик чарбалар жана Кыргызстанда туруктуу мекемесин ачып иштеген чет өлкөлүк уюмдар тапшырууга милдеттүү. Ал эми 1-апрелге чейин мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, жеке ишкерлер, анын ичинде патенттик негизде салык төлөгөндөр, менчигинде кыймылдуу (транспорт) жана кыймылсыз (батир жана үй) мүлкү, жер тилкеси (короо-жай участкаларынан башка) бар жеке жактар, ошондой эле юридикалык жакты түзбөй туруп ишмердиктерин ишке ашырышкан дыйкан жана фермердик чарбалар декларация тапшырууга милдеттүү", — деп айтылат маалыматта.

Ошол эле учурда 2018-жылдан тартып мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган, же ээлеген адамдар өз декларацияларын электрондук түрдө салык органына гана беришет. Эскерте кетсек, буга чейин эки жакка: кирешелери жана чыгымдары тууралуу декларацияны – Мамлекеттик кадр кызматына, Бирдиктүү салык декларациясын – Салык кызматына тапшырып келишкен.

Декларацияны өз убагында тапшырбагандыгы үчүн жеке жактарга 2000 сом жана юридикалык жактарга 10 000 сом өлчөмүндө административдик айып салынат.

Декларациялык кампания тууралуу толук маалыматты жергиликтүү салык органдарынан, ошондой эле 194 номурунан же www.sti.gov.kg сайтынан алууга болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0