Кыргызстан K4 жана K5 классындагы бензинге качан өтөт. ЕЭКтин жообу

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүМай куйуучу жай. Архив
Май куйуучу жай. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
2018-жылдын 1-январынан тарта Кыргызстан менен Казакстан сапаттуу күйүүчү майга өтүшү керек болчу. Бирок келишимде Кыргызстанга убакыт бере турчу норма бар

БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Кыргызстандын ЕАЭБге кирүү шартында өлкөнүн K4 жана K5 классындагы бензинге 2021-жылдын 12-августунан тарта өтүүсүнө жол берилет. Бул тууралуу Евразиялык экономикалык комиссиянын маалымат кызматы билдирди.

Унаага май куюп жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Май куюучу жайларга кантип алдатпаш керек? Адис сунуштаган ыкмалар
Буга чейин аталган комиссия Кыргызстан 2018-жылдын 1-январынан тарта жогорку экологиялык бензинге өтүшү керектиги боюнча маалымат тараткан.

Кийин Кыргызстандын Экономика жана өнөр-жай министрлиги башка документке таянуу менен жогорку экологиялык класстагы бензинге 2019-жылдын 12-августунан тарта өтүүгө болорун жүйө келтирген. Ошол эле учурда ЕЭК бул талапты дагы эки жылга жылдырууга болорун белгилеген.

"Кыргызстанда күйүүчү май өндүргөндөр же алып келгендер 2019-жылдын 12-августуна чейин улуттук мыйзамдардын талаптарына жооп берген документти алып, өз продукциясын өлкө аймагында 2021-жылдын 12-августуна чейин сата алышат", — деп айтылат маалыматта.

Ал эми K3 классындагы же андан төмөн бензинди ЕАЭБге мүчө башка мамлекеттерде сатууга тыюу салынат. Ошол эле учурда Кыргызстанда K4 жана K5 классындагы бензинди сатууга уруксат берилет.

K4 жана K5 экологиялык класстагы күйүүчү майлар автоунаалардан чыккан уулуу заттардын көлөмүн азайтат.

Жаңылыктар түрмөгү
0