Былтыр Кыргызстандагы жол кырсыктарынан 803 чоң киши, 104 бала каза болгон

© Фото / Энвер ХавазовЖол кырсыгы болгон жердеги тез жардам автоунаалары. Архив
Жол кырсыгы болгон жердеги тез жардам автоунаалары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жол эрежесин бузгандарга салынган административдик айып пулдан былтыр мамлекеттик бюджетке 383 миллион сомдон ашык каражат түшкөн

БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Былтыр өлкө аймагында жалпысынан 6 миң 346 жол кырсыгы катталып, 907 киши каза болгон. Бул тууралуу ИИМдин жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчи орун басары Ыманалы Саркулов Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда болгон жыйында билдирди.

Саркулов бул көрсөткүч 2016-жылга салыштырмалуу 31 учурга аз экенин айтты. Мурдагы жылы 938 киши каза болгон.

"Былтыр балдар катышкан 1432 жол кырсыгы катталып, 104 бала каза болгон. Ал жми 1622 бала түрдүү жаракаттарды алган", — деди ал.

Саркулов ошондой жол эрежесин бузгандарга салынган административдик айып пулдан былтыр мамлекеттик бюджетке 383 миллион сомдон ашык каражат түшкөнүн кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0