Катуу сууктан улам ӨКМ күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өттү

© Sputnik / Табылды КадырбековАялдамада транспорт күтүп жаткан адамдар. Архив
Аялдамада транспорт күтүп жаткан адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин шашылыш билдирүү жарыяланган

БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. КР Өзгөчө кырдаалдар министрлиги абанын температурасы кескин төмөндөшүнө байланыштуу 24-январдан тарта күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өттү. Бул тууралуу аталган ведомствонун маалымат кызматынан кабарлашты.

Кабель. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ызгаар сууктан улам интернет жана байланыш тармактары иштебей калуу коркунучу бар
ӨКМдин алдындагы Гидрометеорология агенттигинин божомолуна ылайык, 26-30-январь күндөрү катуу суук болуп, үшүк жүрүп, кар көчкүлөр болушу ыктымал.

Буга байланыштуу өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү боюнча күч жана каржаттардын даярдыгын камсыз кылуу үчүн кошумча чаралар көрүлүп, анын кесепеттерин жоюу жана издөө-куткаруу иштерин жүргүзүү үчүн өздүк курам керектүү жабдуулар менен камсыздалды.

Баса, суукка урунуп албоонун жолдорун биле жүрүңүз.

Жаңылыктар түрмөгү
0