Биометрикалык паспорт менен бажы көзөмөлүнөн өтүүнүн жаңы технологиясы иштей баштады

© Sputnik / Жоомарт УраимовВыдача новых биометрических паспортов в КР
Выдача новых биометрических паспортов в КР - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Пилоттук долбоор жүргүнчүлөр менен бажы кызматкерлеринин байланышын болушунча азайтууга багытталган

БИШКЕК, 30-янв. — Sputnik. "Манас" эл аралык аэропортунда пилоттук тартипте гейттер иштей баштады. Бул техника келечекте көзөмөлдөн бажы кызматкерлери менен түзмө-түз байланышпай өтүүгө жол ачарын аэропорттун Инвестициялык жана стратегиялык өнүгүү дирекциясынын директору Нурсултан Белеков билдирди.

Мындай ыкманы Казакстан менен Россиядан мекенине кайтып келе жаткан кыргызстандыктар пайдалана алышат. Жарандар өз алдынча экранда көрсөтүлгөн тартип менен терминалга биометрикалык паспорттогу маалыматтарды өз алдынча киргизет.

"Сынамык иретинде жүрүп жаткандыктан жаңы технология менен көзөмөлдөн өткөн жарандарды дагы бир ирет бажы кызматкерлери аркылуу өткөрүп көрдүк. Бул жаңы жабдуунун кемчиликтерин аныктоого жардам бермекчи", — деди Белеков.

Анын айтымында, бул ыкма "Таза коом" долбоорунун алкагында ишке ашып жатат. Онлайн-гейттер 2017-жылдын декабрь айында эле орнотулган. Жаңы технология ишинин натыйжасы иштей баштагандан үч ай өткөндөн кийин белгилүү болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0