Кар көрөбүзбү? Февраль айына карата аба ырайы

Жазылуу
Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында абанын температурасы нормадан 1 градуска ысык болот

БИШКЕК, 1-фев. — Sputnik. Кыргызгидромет февраль айына карата аба ырайынын божомолун жарыялады.

Үйдөгү жылуулукту кантип сактоо керек - Sputnik Кыргызстан
Жөнөкөй жол менен турак жайды кантип жылууласа болот. Жарандарга керектүү кеңеш
Чүй облусу боюнча аба ырайы климаттык нормада сакталып, 1…3 градуска чейин суук болот. Ал эми Кемин районунда жана тоолуу аймактарда 4…6 градуска чейин төмөндөйт. Айдын ичинде аба ырайы түнкүсүн 4 градус сууктан 1 градуска чейин жылыйт. Күндүз 10…15 градуска чейин жылыйт. Жаандын көлөмү нормада (29-35 миллиметр) сакталат.

Талас облусунда дагы абанын температурасы климаттык нормада сакталып, орто эсеп менен 2…4 градус суук болот. Түндө 3…16 градуска чейин суук болсо, күндүз 5…12 градуска чейин жылыйт. Жаан-чачындын көлөмү нормадан көбүрөк (21-23 миллиметр) болот.

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында абанын температурасы нормадан 1 градуска ысык болуп, 0…2 градуска чейин жылуу болору айтылды. Ал эми тоо этектеринде 2 градуска чейин муздайт. Ай ичинде абанын температурасы түндө 3…8 градус сууктан 3 градуска чейин жылыйт. Күндүз температура 7…15 градуска чейин көтөрүлөт. Жаан-чачындын көлөмү нормада (29-67 миллиметр) сакталат.

Национальный центр охраны материнства и детства в мкр. Джал - Sputnik Кыргызстан
Үч күндөн бери уктай элекпиз! Ызгаар сууктан ооруканалар кантип чыкты
Ысык-Көл облусунда күндүн табы климаттык нормада болуп, 1…3 граду, Ысык-Көл ойдуңунда 4…6 градуска чейин суук болору божомолдонду. Ай ичинде абанын температурасы түндө 3…8 градус суук болуп, күндүз 2…7 градуска чейин жылыйт. Жаан-чачындын көлөмү нормадан аз (2-12 миллиметр) болсо, Ысык-Көл ойдуңунда нормада (18-21 миллиметр) сакталат.

Нарын облусунда абанын температурасы климаттык нормада сакталып, 11…13 градус суук болот. Кочкор районунда 5…7 градуска чейин суук болору айтылды. Түндө температура 13…27 градуска чейин суук болсо, күндүз 5…11 градуска чейин суук болот. Ат-Башы районунда түнкүсүн абанын температурасы 25…30 градуска чейин төмөндөйт. Облус боюнча жаан-чачындын көлөмү климаттык нормада (2-14 миллиметр) сакталат.

Жаңылыктар түрмөгү
0