Кыргызстандын Байланыш агенттиги Казакстанга доомат койду

© Sputnik / Кирилл Каллиников / Медиабанкка өтүүГлавный испытательный космический центр имени Г.С.Титова
Главный испытательный космический центр имени Г.С.Титова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган ведемство эл аралык келишимде көрсөтүлгөндөй теле жана радио сигналдарды таратуу зонасын кыскартууну коңшу өлкөдөн талап кылды

БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. Кыргызстандын мамлекеттик байланыш агенттиги Казакстандын байланыш администрациясына чек ара аймактарында радио толкундарын таратуу кубаттуулугу жогорулап кеткенин эскертти. Бул тууралуу Мамлекеттик маалыматтык технологиялар комитетинен кабарлашты.

КР Байланыш агенттиги казак тараптан теле жана радио толкундарынын жайылуу аймагын кыскартууну суранып, оңдоо иштерин жүргүзүүнү өтүнгөн.

"Эл аралык процедураларга ылайык казак тарап мүчүлүштүктөрдү жоюуга милдеттүү", — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле агенттик радио байланыш боюнча дүйнөлүк конференцияда санариптик телеберүүгө өтүүнүн алкагында радио толкундун диапазону тең бөлүштүрүлгөнүн баса белгилеген.

Бишкек шаары менен Чүй облусунда 53 канал көрсөтөт. Айрымдары Казакстандын аймагында дагы тартат.

Жаңылыктар түрмөгү
0