Жекшембиге карата аба ырайы

Жазылуу
Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат

БИШКЕК, 17-фев. — Sputnik. Жекшемби күнү түнкүсүн Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлерине кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка ылайык, шамалдын багыты өзгөрүлүп, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге чейин жетет.

Отключение газа в Британии - Sputnik Кыргызстан
Эмки жумада Бишкек жана Жалал-Абаддын айрым жерлеринде газ өчөт
Чүйдө 2…7 градус суук болсо, Таласта күндүн табы 3 градуска чейин көтөрүлөт. Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында 1…6 градус жылуу болот. Ысык-Көлдө 0…5 градус жылуу, ал эми Нарында 5…10 градус суук болору айтылды.

Бишкекке туман түшөт. Жолдор тоңуп, тайгалап болот. Күндүз 3…5 градус суук болору божомолдонсо, Ош шаарында абанын температурасы 3…5 градуска чейин көтөрүлөт.

Буга чейин Кыргызгидромет март айында аба ырайы кандай болорун маалымдаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0