Күн качан жылыйт? Бир жумага аба ырайынын божомолу

© Sputnik / Табылды КадырбековКар тазалап жаткан "Тазалык" кызматкери. Архив
Кар тазалап жаткан Тазалык кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Апта соңунда күн табынын жогорулашы күтүлөт

БИШКЕК, 18-фев. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги бир жумага карата аба ырайынын божомолун таратты.

Ага ылайык, бүгүн, 18-февралда айрым жерлерде кар жаайт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондоруна туман түшөт, жолдорго муз тоңуп, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасын 2-7 метрге чейин жетет.

19-февралда Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

20-февралда жаан-чачын болбойт. Жолдор тайгак, тоңголок болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жете турганы айтылды.

Үйдөгү жылуулукту кантип сактоо керек - Sputnik Кыргызстан
Жөнөкөй жол менен турак жайды кантип жылууласа болот. Жарандарга керектүү кеңеш
21-февралда Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын жаашы күтүлөт. Ал эми Ысык-Көл, Нарын облустарында күн ачык болот.

22-февралда түнкүсүн айрым жерлерде кар жаайт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда кар жаай турганы маалымдалды, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңуп, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Жуманын аягы 23-24-февраль күндөрү абанын температурасы бир аз жогорулайт.

Аптанын биринчи жарымында борбор калаада жана Ош шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетиши мүмкүн.

Кыргызгидрометтин март айына карата аба ырайынын божомолун Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан окуңуздар.

Жаңылыктар түрмөгү
0