Кыргызстанда кыймылсыз мүлккө ээ болгон аялдардын саны өсүүдө. Графика

© Sputnik / Алексей Филиппов / Медиабанкка өтүүСтроительство микрорайона для военнослужащих
Строительство микрорайона для военнослужащих - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
2014-жылга салыштырмалуу аялдарга катталган кыймылсыз мүлктөрдүн саны өскөн

БИШКЕК, 21-фев. — Sputnik. Кыймылсыз мүлккө ээ болгон аялдардын саны акыркы убакта өсүп жатат. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматы билдирди.

Мамкаттоонун кадастр жана кыймылсыз мүлккө ээлик кылууну каттоо департаментинин геомаалыматтык системасындагы маалыматтарга ылайык, 2018-жылдын 13-февралына карата алынган маалымат боюнча аялдардын 64,2 пайызы (2014-жылы 63,9 пайыз болчу) көп кабаттуу үйлөрдөгү батирге ээ. 30,9 пайызынын (2014-жылы 29,2 пайыз) жер тамы болсо, 31,1 пайызында (2014-жылы 27,2 пайыз) турак жай салууга ыңгайлуу жер тилкеси бар.

2014-жылга салыштырмалуу аялдарга катталган кыймылсыз мүлктөрдүн саны өскөн.

Батир алып жатканда кантип алданып калбаш керек? Биле жүрүңүз.

Жаңылыктар түрмөгү
0