Жума күнүнө карата аба ырайы

© Sputnik / Акылбек БатырбековДеятельность рынка "Мадина" в Бишкеке
Деятельность рынка Мадина в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет

БИШКЕК, 22-фев. — Sputnik. Жума күнү өлкө аймагында күн ачык болот. Чүй, Талас, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде туман түшөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

"Бишкек менен Ош шаарларында күн ачык болуп, 10…11 градуска чейин жылуу болот", — деп жазылат маалыматта.

Күндүн табы Чүй менен Талас өрөөнүндө 6…11 градус, Ош, Жалал-Абад жана Баткенде 8…13, Ысык-Көл облусунда 2…7 градус жылуу болот. Нарын аймагында болсо сууктун күчү сакталып, абанын температурасы —2…-7 градуска чейин жетет.

Жаңылыктар түрмөгү
0