Дем алышта аба ырайы кандай болот? Синоптиктердин божомолу

© Sputnik / Михаил ДудинБишкек шаары. Архив
Бишкек шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аймактар боюнча алсак, эң суук абаны эки күн ичинде Нарындан, Алайдан жана Суусамырдан байкоого болот

БИШКЕК, 23-фев. — Sputnik. Кыргызстан аймагы боюнча 24-февралда күн ачык болсо, 25-февралда кээ бир тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо бир аз жаан-чачын жаашы күтүлөт.

Бишкек шаарында 24-февралда түнкүсүн 0…2, күндүз 9…11, ал эми 25-февралда —1…+1, күндүз 7…9 градус жылуу болот.

Ош калаасында 0…2, күндүзү 10…12, эртеси 1…3, күндүз 10…12 градус жылыйт.

Аймактар боюнча алсак, эң суук абаны эки күн ичинде Нарындан, Алайдан жана Суусамырдан байкоого болот.

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн —3…+2, күндүз 6…11 градус жылуу болот.

Суусамырда түнкүсүн —13…-18, күндүз —6…-11 боло турганы айтылды.

Талас облусунда түнкүсүн —4…+1, күндүз 6…11 градуска чамалап барат.

Баткенде түнү —2…+3тү көрсөтсө, күндүз 8…13 градус жылуу болмокчу.

Ош, Жалал-Абад түнү —2…+3 болсо, термометр күндүз +8…+13тү көрсөтөт.

Токтогулда түнкүсүз —3…+2, +2…+7 градус деп аныкталды.

Алайда суук күчүндө — түнкүсүн —8…-13, күндүзү 0…-5.

Ысык-Көл аймагында термометр түнкүсүн —2…-7, күндүз +3…+8ди көрсөтөт.

Нарында азырынча сууктун тумшугу сынчудай эмес — түнкүсү —12…-17, күндүзү —2…-7 градус болот

25-февралда синопиктер тоо этектериндеги райондордо бир аз жаан-чачын күтүлөрүн айтты

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн —4…+1, түнкүсү +4…+9 градус болот.

Суусамырда суук — түнкүсүн —13…-11, күндүзү —8…-13 градус.

Таласта түнкүсүн —4…+1, күндүзү 4…9 жылуу болору айтылды.

Баткенде термометр түнкүсүн —1…+4тү, күндүзү 8…13 жылуулукту көрсөтөт.

Ош, Жалал-Абадда түнү —1…+4 болсо, күндүз +8…+13 градуска көтөрүлөт.

Токтогулда түнү —2…+3, күндүз +2…+7 болору айтылды.

Алайда суук түнү —7…-12, күндүз 0…-5 градуска жетет.

Ысык-Көл аймагында түнкүсүн 1…6 градус суук болсо, күндүз 3…8 градуска чейин жылыйт экен.

Нарында сууктун күчү —10…-15, —1…-6 градус болмокчу.

Кыргызгидрометтин март айына карата аба ырайынын божомолун Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан окуңуздар.

Жаңылыктар түрмөгү
0