Ишембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Виталий Белоусов / Медиабанкка өтүүТермометр. Архив
Термометр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет

БИШКЕК, 23-фев. — Sputnik. 24-февраль күнү айрым тоолуу аймактарда кар жаап, басымдуу бөлүктө күн ачык боло турганын Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Чүй менен Талас өрөөндөрүндө 6…11 градуска чейин жылуу болот. Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында күндүн табы 9…14 градуска чейин көтөрүлөт. Ысык-Көлдө 3…8 градус жылуу болсо, Нарында 1…6 градус суук болору божомолдонду.

Бишкекте 9…11, ал эми Ош шаарында 11…13 градус жалуу болушу күтүлүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0