Кыргызстанда элди каттоо үчүн Россия 800 миң доллар каражат бөлөт

© Sputnik / Табылды КадырбековФутбольный матч между Кыргызстаном и Австралией
Футбольный матч между Кыргызстаном и Австралией - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эл каттоону КМШнын бардык өлкөлөрүндө өткөрүү чечими биримдиктин өлкө башчыларынын саммитинде кабыл алынган

БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. Россия БУУнун калкты жайгаштыруу фонду аркылуу Кыргызстанда эл каттоого болжол менен 800 миң доллар каражат бөлөт. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Улуттук статистика комитетинин бөлүм башчысы Айгүл Жаркынбаева билдирди. 

Анын айтымында, 2019-жылы элди жана турак жай фондусун каттоонун (айрым аймактарда) пилоттук бөлүгү өтөт. Ал эми жалпы каттоо иштери 2020-жылга белгиленген.

Эл каттоону КМШнын бардык өлкөлөрүндө өткөрүү чечими биримдиктин өлкө башчыларынын саммитинде кабыл алынган.

"Россия БУУнун калкты жайгаштыруу фонду аркылуу 1 миллион 430 миң доллар бөлөт. Болжол менен анын 800 миңи каттоого жумшалса, калганын автоматташтыруу иштерине Мамкаттоо кызматы пайдаланат. Каражат жылдын экинчи кварталында келет деп күтүп жатабыз", — деди Жаркынбаева.

Анын айтымында, Россия тарап бөлгөн каражат эмгек шарттарын жакшыртууга, тренингдерди өткөрүүгө жана керектүү жабдууларга керектегет. 

Эл каттоого мамлекеттик бюджеттен дагы каражат бөлүнөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0