Кол катырчан кыз. Архив

8-мартка карата аба ырайы

267
(жаңыланган 16:27 08.03.2018)
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге чейин жетет

БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. 8-мартта түнкүсүн айрым жерлерде жаан жаап, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Күндүз жаан-чачын болбойт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Тоолуу райондордо жолдор тоңуп, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге чейин жетет.

Айымдардын майрамында күн жылуу болуп, абанын температурасы Чүй, Талас, Нарын жана Ысык-Көлдө 8…13 градус, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында 11…16 градус нөлдөн жогору болот.

Бишкек шаары менен Ош калаасында түнкүсүн жаан жаап, күндүз күн ачык болот. Абанын температурасы 12…15 градус жылуу болушу күтүлүүдө.

267
Белгилер:
аба ырайы, жаан-чачын, кар
Тема боюнча
Жан керекпи? Жер көчкү жүрө турган жерден 20 үй-бүлө көчпөй койду
Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасынын орун басары Марат Пирназаров

Пирназаров: Кыргызстанда криптобиржалардын ишмердүүлүгү көзөмөлдөнөт

2
(жаңыланган 13:44 23.09.2021)
Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасынын орун басары Марат Пирназаров Кыргызстанда криптобиржалардын ишмердүүлүгү тууралуу жобо иштелип чыккандыгын айтты.

Криптобиржаларга укуктук талаа түзүү, функцияларын, статусун жана милдеттерин аныктоо учурдун талабы. Мындай пикирин Марат Пирназаров Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Пирназаров: Кыргызстанда криптобиржалардын ишмердүүлүгү көзөмөлдөнөт

Анын айтымында, аталган багытта шарт түзүү аркылуу көп киреше табуу мүмкүнчүлүгүн жаратса болот.

"Кыргызстанда криптобиржаларга укуктук талаа түзүү үчүн аракеттер жүрүп жатат. Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматка криптобиржалардын ишмердүүлүгүнө шарт түзүү максатында тиешелүү укуктук ченемдик актыларды иштеп чыгуу тагылган. Ушул жылдын 27-майында Экономика жана финансы министрлигинин буйругу менен мекемелер аралык жумушчу топ түзүлүп, бул тармакты билген адистер менен биргеликте жобо иштеп чыктык. Жобо министрлер кабинетинин кароосуна киргизилип, макулдашуу иштери жыйынтыкталууда. Криптобиржаларга укуктук талаа түзүү, функцияларын, статусун жана милдеттерин аныктоо учурдун талабы", — деди Пирназаров.

Ошондой эле адис криптоактивдер менен ишмердүүлүгүн жүргүзгөндөр санариптик биржалар боюнча билим алып коюусу керектигин кошумчалады.

2
Белгилер:
Марат Пирназаров, криптовалюта
Тема боюнча
Жасалма биткоин, финансы пирамидасы. Милиция шылуундарды кантип билсе болорун айтты
Президенттин администрациясынын жарандык коомдун институттары менен өз ара аракеттенүү, дин иштери жана этностор аралык мамилелер бөлүмүнүн башчысы Кудайберген Базарбаев. Архив

КР президентинин администрация өкүлү: интернационализмге шарт түзөлү

6
Кудайберген Базарбаев Бишкекте Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүндөгү россиялыктар уюштурган аймактык жаштар конференциясына катышып, элди тилектештикке чакырды.

БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Президенттин администрациясынын жарандык коомдун институттары менен өз ара аракеттенүү, дин иштери жана этностор аралык мамилелер бөлүмүнүн башчысы Кудайберген Базарбаев интернационализмге шарт түзүп берүүгө чакырды.

Ал Бишкекте Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүндөгү россиялыктар уюштурган аймактык жаштар конференциясында сөз сүйлөдү.

"Мындай иш-чаралар өтө пайдалуу. Башка улуттагы мекендештердин кызыкчылыгын коргоп гана тим болбой, аларга эч кандай тоскоолдук жаралбагыдай шарттарды түзүп берүүгө аракет кылалы. Башкысы, интернационализм, достук, тилектештикти күчөтүүгө жан үрөйлү", — деди Базарбаев.

Анын айтымында, дал ушул нерселер бизге чейинки муунга күч берип, алар бири-бирин дос жана бир туугандай кабыл алышкан.

6
Белгилер:
Кыргызстан, Россия, ынтымак
Тема боюнча
Россиянын элчиси мекендештери менен тыгыз иштешкен кыргыз бийлигин үлгү кылды