Өлкөдө аялдардын аракка, балдардан токсикоманияга берилген учуру көбөйүүдө

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүСпит ичимдиктерин сатып алып жаткан аялдар. Архив
Спит ичимдиктерин сатып алып жаткан аялдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маалыматта аракка берилгендердин жалпы санынын кыскарганы айтылат

БИШКЕК, 30-мар. — Sputnik. Кыргызстанда аялдардын аракка, балдардан токсикоманияга берилгени көбөйүүдө. Бул туурасында Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

"Аракка берилгендердин жалпы саны кыскарганы менен, тереңирээк үңүлүп карай келгенде аялдар арасындагы аракка берилгендик арбып бара жатат. Наркология боюнча республикалык борбордо дарылануу үчүн кезекке турган аялзаты көп", — деп айтылат билдирүүдө.

Алкоголдук ичимдиктер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда интернет аркылуу ичимдиктерди жарнамалоого тыюу салынды
Дагы бир кооптондурган жагдай өспүрүмдөр арасында кездешкен токсикомания экенин Наркология боюнча республикалык борбордун өкүлдөрү айтып беришкен. Алар клей, карб жыттап, спайс колдонгон балдар көп түшүп жатканын кошумчалашты.

"Булардын барын жакыр жашаган же толук эмес үй-бүлөдөн деп айтууга болбойт. Үч күн мурда Бишкек шаарынын мектептеринен 13-14 жаштагы 18 өспүрүмдү алып келишти. Алар батир жалдап алып, спирт ичимдиктерин ичип, токсиндик заттарды жыттаган. Кошуна батирдегилер балкондон желим баштыктар уча баштаганда байкап калышкан", — деп айтылат маалыматта.

Буга чейин Нарколог Иманалиева аялдардын аракечтиги жана алардын бул саздан сууруп чыгуу түйшүктөрү жөнүндө айтып берген.

Жаңылыктар түрмөгү
0