Аткаминерлер эми тендерде өз ишканаларынын кызыкчылыгын таңуулай албайт

© AFP / FABRICE COFFRINIОбсуждение сирийского кризиса в Женеве
Обсуждение сирийского кризиса в Женеве - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин чиновниктер мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөгү мыйзамдагы кемчиликтен пайдаланып келишсе, эми ага бөгөт коюлду

БИШКЕК, 4-апр. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу" КР мыйзамына кол койгонун өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Мыйзам Жогорку Кенеш тарабынан 2018-жылдын 22-февралында кабыл алынган.

Кабыл алынган мыйзамдын максаты — мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү процесске катышкан кызмат адамдарынын арасында коррупциянын деңгээлин төмөндөтүү жана атаандаштыкты камсыз кылуу.

Строительство туалета в центральном парке Таласа - Sputnik Кыргызстан
Талас мэриясы курган 1,5 млн. сомдук ажаткана эки жылдан бери иштебей турат. Сүрөт
Азыркы учурда "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөгү" мыйзамга ылайык уставдык капиталга катышуунун критерийи боюнча аффилирленгендикти белгилөө үчүн юридикалык жакка карата ар кандай жак үчүн акциялардын 20 жана андан ашык жалпы санына ээлик кылуу укугу болуш керек экенин маалымат кызматы белгиледи. Бул негиздеме боюнча акциялардын 20 пайыздан азына ээ болгон жактар аффилирленген деп эсептелбейт жана аларга мыйзамда каралган чектөөлөр жайылтылбайт.

Ошол себептен "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөгү" мыйзамдын 3-беренесинин бешинчи абзацында аффилирленгендикти белгилөө үчүн акционердик коомдун акцияларынын жалпы санынын ичинен 20 жана андан ашык пайыздагы акцияларга ээлик кылуу фактысынын болушу зарыл деген ченем алып салынган.

Мыйзам күчүнө киргенден баштап саясий мамлекеттик кызмат орундарын, саясий муниципалдык кызмат орундарын, атайын мамлекеттик кызмат орундарын ээлеп турган адамдар, алардын жакын туугандары акцияларга ээлик кылуу үлүшүнө карабастан берүүчүлөрдүн (подрядчылардын) түзүүчүлөрү жана (же) катышуучулары болгон учурда алар аффилирленген жак болуп эсептелет.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Жаңылыктар түрмөгү
0