Президенттин аппаратында иштегендердин кыргыз тилин билээр-билбеси текшерилет

Жазылуу
Маалыматта республика боюнча мамлекеттик жана муниципалдык кызматта иштеген 24 467 киши тест тапшырары айтылат.

БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. КР президентинин аппаратында иштегендер кыргыз тилин билүү боюнча тестти биринчилерден болуп тапшырат. Бул тууралуу өлкө башчысынын маалымат кызматы билдирди.

Кагазга жазып жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызчаны кыйратасызбы? Тесттен өтүңүз
10-апрелден тарта мамлекеттик жана муниципалдык кызматта иштегендер мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктай турган "Кыргызтест" сынагын милдеттүү түрдө тапшыра баштады.

Маалыматта республика боюнча мамлекеттик жана муниципалдык кызматта иштеген 24 467 киши тест тапшырат. Анын ичинен 7 785 киши Бишкек шаарында болсо, 16 682 адам аймактарда.

"Тесттер мамлекеттик жана муниципалдык кызматта иштегендер үчүн атайын даярдалган", — деп айтылат маалыматта.

Кыргызтест жөнөкөй (A1, A2), ортоңку (B1, B2) жана жогорку (C1, C2) деп үч деңгээлге бөлүнгөн. 

Жаңылыктар түрмөгү
0