Ишембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Виталий Белоусов / Медиабанкка өтүүТаранчылар. Архив
Таранчылар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет

БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Ишемби күнү түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, ал эми күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткендин айрым жерлеринде жаан жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткенде күндүн табы 20…25 градуска чейин көтөрүлөт. Ысык-Көл менен Нарын облустарында 15…20 градус жылуу болот.

Бишкек менен Ош шаарларында күн ачык болот. Абынын температурасы борбор калаада 22…24, ал эми Ошто 23…25 градус нөлдөн жогору болору айтылды.

Ага катар Кыргызгидромет шашылыш билдирүү таратып, кийинки жума башында күндүн көзү бузуларын кабарлады.

Жаңылыктар түрмөгү
0