Жылуу кийингиле, күндүн көзү бузулат! Бир жумага карата аба ырайы

Жазылуу
Апта ичинде өлкөдө туруксуз аба ырайы байкалат.

БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Кыргызгидромет келе жаткан жумага карата аба ырайы божомолун таратты.

Билдирүүгө ылайык, апта ичи өлкөдө туруксуз аба ырайы сакталат. Абанын температурасы төмөндөп, маал-маалы менен жаан жаап, тоолуу райондорго кар түшүшү күтүлөт.

Кол чатыр көтөргөн адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Күн кайрадан сууктайт! ӨКМ шашылыш билдирүү таратты
16-17-18- апрелде Ош, Жалал-Абад облустарында абанын температурасы 10…15 градус жылуу болуп, жамгыр катуу жаашы болжолдонууда. Ал эми Ысык-Көл, Нарын облустарында 9…14, Чүй жана Талас облустарында 10…15 градуска жылуу болот.

19-20-апрелде туруксуз аба-ырайы сакталып, мезгил-мезгили менен жаан жаап, тоолуу аймактарда кар жаашы күтүлөт. Абанын температурасы дээрлик өзгөрүлбөйт.

Ош, Жалал-Абад, Баткен, Чүй, Талас облустарында абанын температурасы түнкүсүн 1…6 градуска чейин түшсө, Ысык-Көл, Нарын облустарында түнкүсүн 0…-5 чейин муздашы мүмкүн.

Апта соңунда, 21-22-апрелде күн жылый баштайт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, түнкүсүн тоо этектеринде, тоолуу райондордо жана Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши мүмкүн.

Жаңылыктар түрмөгү
0