Дүйшөмбүгө карата аба ырайы

© AP Photo / Aaron Favila / FileКол чатыр көтөргөн адам. Архив
Кол чатыр көтөргөн адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет

БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Дүйшөмбү күнү өлкөнүн көпчүлүк райондорунда жаан жаап, тоолуу аймактарга кар түшөт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.

Кол чатыр көтөргөн аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жылуу кийингиле, күндүн көзү бузулат! Бир жумага карата аба ырайы
Маалыматка ылайык, 16-апрелде батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Аба ырайынын температурасы Чүй, Таласта 10…15 градус жылыса, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында 14…19 градус нөлдөн жогору болору күтүлүүдө. Ал эми Ысык-Көл менен Нарында термометр 13…18 градусту көрсөтөт.

Бишкек менен Ош калаасында жамгыр жаап, 13…19 градус жылуу болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0