"Акылдуу шаар": салынган айыпты Интернеттен билсе болот

© Sputnik / Нурис АлымбаевУстановка камер фиксации нарушений ПДД в Бишкеке
Установка камер фиксации нарушений ПДД в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жол эрежесин көзөмөлдөп турган камералар бир нече жерде тесттик тартипте иштей баштаган

БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Интернетте portal.tazakoom.kg сайтынан Жол эрежесин бузгандыгы үчүн салынган айып туурасында билсе болот.

Бишкек шаарында 12-апрелден тарта тесттик тартипте бир айга жол эрежесин бузгандарды жазып алып турган камералар иштей баштаган. Алар Фрунзе — Ибраимов, Байтик баатыр — Горький, Байтик баатыр — Ахунбаев жана Байтик баатыр — Токомбаев көчөлөрүнүн кесилишине коюлган. Буга чейин Фрунзе — Ибраимов көчөлөрүнүн кесилишине тагылган. 

Мында бир аз мурдараак премьер-министр Сапар Исаков алар бир айга чейин тесттик тартипте иштеп, аталган мөөнөт өткөн соң жол эрежесин бузган айдоочуларга айып пул салына баштарын айткан.

Жол эрежесин бузгандыгыңызды камера жазып калдыбы-жокпу төмөнкүчө биле аласыз:

  • https://portal.tazakoom.kg дарегине киресиз;
  • "Кызматтардын каталогу" жана "Транспорт" бөлүмүнө кирип, "айып пулдарды текшерүү" опциясын карайсыз;
  • Өзүңүздүн идентификациялык номериңизди жана автоунааңыздын номерин тересиз. Андан соң төмөнүрөөк жакта турган "мен робот эмесмин" деген жерди, андан кийин дароо эле "текшерүү" деп жазылган жерди басасыз.

Буга чейин "Акылдуу шаар" долбоорун Huawei компаниясы ишке ашыра турган болуп, кийинчерээк кытайлык компания шартын аткарбаган үчүн алар менен түзүлгөн келишим бузулган. Исаков мындай окуядан кийин долбоорду ишке ашырууга өзү киришерин айткан эле.

Айтмакчы, "Акылдуу шаар" долбоорунун бет ачарын өткөрүп жатканда жагымсыз бир учур болуп кеткен. Исаков долбоор турасында айтып жана эреже бузууларды онлайн тартибинде көрсөтүп жатып, айдоочу тууралуу маалыматты жалпы элге ачык айтып алган. Анысы үчүн премьер кечирим сураган.

Жаңылыктар түрмөгү
0