Күн деги ысыйбы? Май айына карата аба ырайынын божомолу

Жазылуу
Айрым аймактарда жаан-чачындын көлөмү нормадан жогору болушу күтүлөт

БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Кыргызгидромет май айына карата аба ырайынын божомолун жарыялады.

Маалыматка караганда, Чүй менен Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1 градуска жогору болот.

Чүй өрөөнүндө 16…18, Таласта 15…17 градус жылуу болушу күтүлөт. Кемин өрөөнү менен тоо этектеринде күн 11…13 градуска жылыйт.

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 8…13 градустун тегерегинде болсо, күндүз 19…24 градус жылуудан 25…30 градуска чейин өзгөрүп турушу мүмкүн.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормадан жогору болушу күтүлөт (Чүй өрөөнүндө 53-72 мм, тоо этектеринде 89-91 мм, Талас өрөнүндө 44-50 мм).

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1…2 градус жогору болуп, 18…20, тоо этектеринде 14…16 градус жылуу болушу күтүлөт.

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 10…15, күндүз 22…27 градустан 28…33 градуска чейин көтөрүлөт. Тоо этектериндеги райондордо түнкүсүн 7…12, күндүз 24…29 градуска чейин ысыйт.

Кол чатыр көтөргөн аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жылуу кийингиле, күндүн көзү бузулат! Бир жумага карата аба ырайы
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын, ал эми тоо этектериндеги райондордо нормадан жогору болушу күтүлөт (35-55 мм, тоо этектериндеги райондордо 82-155 мм).

Ысык-Көлдө абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1 градуска жогору болуп, 11…13 градус жылуу болушу күтүлөт.

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 6…11 градус жылуу, күндүз 16…21, Ысык-Көл ойдуңунун чыгышында 18…23 градус жылуу болушу ыктымал.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт (26-37 мм, чыгышында 55-80 мм).

Нарын облусунда абанын температурасы 12…14 градуска көтөрүлөрү айтылды. Ай ичинде түнкүсүн 4…9, күндүз 20…25 градус ысык болот. Ал эми Кочкор районунда күн 22…27 градуска ысыйт.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт (28-53 мм).

Жайыт зоналары:

Ала-Тоо аянтындагы шаар тургундары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Апрелде аба ырайы кандай болот? Кыргызгидрометтин божомолу
Алайда ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 0…-5 градус суук, күндүз 10…15 градус жылуу болот. Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт (62-64мм).

Суусамырда абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1…2 градустан жогору болуп, 8…10 градус жылуу болушу күтүлөт.

Ай ичинде түнкүсүн —3 градус суук, күндүз 10…15 градус жылуулуктан 16…21 градуска чейин өзгөрүп турат. Жаан-чачындын айлык көлөмү нормадан жогору болушу күтүлөт (39-41 мм).

Жаңылыктар түрмөгү
0