Жаан карга айланат! Шаршембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Екатерина Чеснокова / Медиабанкка өтүүДождь в Москве
Дождь в Москве - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге чейин жетет.

БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. 18-апрелде мезгил-мезгили менен жаан жаап, Чүй, Талас облустарынын тоо этектеринде, Нарын менен Ысык-Көлдүн дыйканчылык аймактарында жаан карга айланышы мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен кабарлашты.

Ош, Жалал-Абад облустарында жана Ысык-Көл ойдуңунун чыгышында жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү пайда болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге чейин жетет.

Чүй менен Таласта 7…12 градус жылуу болсо, Ош, Жалал-Абад жана Баткенде түнкүсүн 3…8, күндүз 10…15 градус жылуу болот.

Ал эми Ысык-Көл менен Нарында 7…12 градус жылуу болушу күтүлөт.

Бишкек менен Ош шаарларында болсо 17..20 градуска чейин жылыйт.

Жаңылыктар түрмөгү
0