Аттракциондо ойноп жаткан адамдар. Архив

КРде аттракциондордун коопсуздугун күчөткөн талаптар күчүнө кирди. Шарттары

67
(жаңыланган 10:06 19.04.2018)
"Аттракциондордун коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент күчүнө кирди. Ал бардык этаптарды долбоорлоодон, орнотууга чейинки иштерди көзөмөлгө алат.

БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Бүгүн, 18-апрелде ЕАЭБдин бардык аймактарында "Аттракциондордун коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент күчүнө кирди. Бул тууралуу Экономика министрлигинен маалымдашты.

Техникалык регламентте аттракционду долбоорлоодон эксплуатацияга берилгенге чейинки этаптардын ар бирине өзүнчө талаптар коюлган. Аталган регламент техниканын жаңы түрлөрү үчүн гана жайылтылат.

Анда төмөнкү талаптар көрсөтүлгөн:

Жарандарды эвакуациялоо жолдорун уюштуруу;

Аттракциондун буроолорун бекем бекитүү;

Лазердик жабдык кокустан нурданып кетпегидей болуп даярдалышы керек;

Аттракцион үчүн колдонулган материалдар адамдын ден соолугуна зыян алып келбеши зарыл;

Аттракциондо жана анын тосмолорунда адамды жабырката турган шиш темирлер жок болушу шарт.

Талаптардын толук тизмеси менен шилтемеден таанышыңыздар.

67
Белгилер:
техникалык регламент, аттракцион, Евразиялык экономикалык биримдик
Тема боюнча
Өтүп көрчү! Кытайда жүрөгү тоолор үчүн экстремалдуу аттракцион пайда болду
АКШда аттракцион сынып кетип, 18 жаштагы улан каза тапты. Кырсыктын видеосу

Кыргызстан тууралуу тасма эл аралык фестивалда гран-при алды. Видео

45
(жаңыланган 12:56 27.09.2020)
Тасмада дүйнөдө биринчилерден болуп суу тартыштыгына кептелген Кыргызстан тууралуу баяндалат. Фестивалда Россия, Норвегия, Финляндия жана Швеция режиссёрлорунун эмгектери көрсөтүлдү.

Кыргызстандагы суу тартыштыгы тууралуу баяндаган "Вода. Время жажды" даректүү тасмасы “Түндүктүн мүнөзү: green screen" фестивалында гран-при сыйлыгына татыды. Бул тууралуу "Би-порт" сайты жазды

Режиссёр Евгений Безбородовдун тасмасында дүйнөдө биринчилерден болуп суу тартыштыгына кептелген Кыргызстан тууралуу көрсөтүлөт. Автор бүтүндөй адам баласынын көйгөйүн бир өлкөнүн мисалында чагылдырат.

Шевченко катышкан Холли Берринин тасмасын Netflix чоң акчага сатып алды

Иркутск облустук кинофондунун YouTube-каналында тасманын трейлери жүктөлгөн. Фильм 39 мүнөткө созулат.

"Суунун жаратылышта түбөлүктүү айлануусу. Миңдеген жылдар бою адам бул мыйзам менен жашап келген. Бирок XXI кылымда адам баласы чоң көйгөйгө кептелди. Мөңгүлөрдүн, тоодон аккан таза суунун мекени болгон Кыргызстан суу тартыштыгы менен дүйнөдө биринчилерден болуп жабыркай баштады. Суунун бир тамчысы жана өлкөдөгү көйгөйлөр аркылуу бүткүл адам баласынын трагедиясы көрсөтүлдү”, — деп айтылат сүрөттөмөдө.

Фестивалда Россия, Норвегия, Финляндия жана Швеция режиссёрлорунун эмгектери көрсөтүлдү.

“Түндүктүн мүнөзү: green screen" — экологиялык жана социалдык тасмалардын эл аралык фестивалы.

45
Белгилер:
фестиваль, сыйлык, тасма, көйгөй, Суу, Кыргызстан
Тема боюнча
Кыргыз режиссёрунун "Көл" тасмасы Кытайдагы ири фестивалга чакыруу алды
Манас эл аралык аэропортундагы узун кезеги

"Манас" аэропортундагы узун кезек. Жүргүнчү бүгүнкү окуяны сүрөттөдү

270
(жаңыланган 13:47 27.09.2020)
Аэропорттун маалымат катчысы Алия Курбанова "бир эле эшиктен киргизип-чыгарып жатат" деген маалымат чындыкка дал келбей турганын айтты.

БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. "Манас" эл аралык аэропортунда бүгүн эртең менен жүргүнчүлөрдүн узун кезеги жаралды. Бул тууралуу Facebook баракчасынын "Кара тизме" тайпасына Черик Сыдыков аттуу колдонуучу жазды.

"27-сентябрь. "Манас" аэропорту. Бул жакта башаламандык орун алды. Бир эле эшик ачык. Аэропортко ушул эле эшик менен киргизип-чыгарып жатышат. "1,5 аралыкты сактагыла" дейт. Бир жакка учуп кетчүлөр болсо, аэропортко эртерээк келгиле. Болбосо учакка жетишпей калышыңар ыктымал", — деди Сыдыков.

Ал эми аэропорттун маалымат катчысы Алия Курбанова "бир эле эшиктен киргизип-чыгарып жатат" деген маалымат чындыкка дал келбей турганын айтты.

"Терминалда кирип-чыгуу үчүн өз-өзүнчө эшиктер бар. Ошол эле учурда аэропортко билети бар, бет кап тагынган, уча турчу жүргүнчүлөр гана киргизилет. Алар дезинфекциялоочу тоннелдер аркылуу өтөт. Бул иш-аракеттин баары коронавирус инфекциясынын жайылып кетүүсүн алдын алуу максатында жүргүзүлүүдө. Биз адамдарды аралыкты сактоого чакырып жатабыз. Бирок аны баары эле аткарган жок. Ошондой эле жүргүнчүлөрдү коштоп келгендер да кезекке туруп алган учурлар катталып жатат", — деди Курбанова.

"Манас" эл аралык аэропорту бардык жүргүнчүлөрдү жүргүзүлүп жаткан иш-аракеттерге түшүнүү менен мамиле кылуусун суранып, уча турчуларды аэропорттун аймагына эртерээк келүүгө чакырды.

270
Белгилер:
коронавирус, видео, кезек, аэропорт, Бишкек, Кыргызстан
Тема боюнча
Өзбек авиакомпаниясы Бишкекке каттамдарын 1-октябрдан тарта көбөйтөт
Компьютердик томография кабинетинде иштеген лаборант. Архив

Тарыхта биринчи ирет ВИЧтен айыккан адамдан рак аныкталды

0
(жаңыланган 14:39 27.09.2020)
Лейкемия Браунда 2019-жылы кайра пайда болуп, организмине тарап кеткен. Учурда ал Калифорниядагы ооруканада дарыланып жатат.

БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. Тарыхта биринчи ирет ВИЧтен айыккан Тимоти Рэй Браун аттуу бейтаптан дарыгерлер рак оорусун аныктап, ал акыркы стадиясына жетип калганын кабарлашкан. Бул тууралуу РИА Новости Associated Press басылмасына таянып кабарлады.

"Берлиндик пациент" деген ат менен таанымал эркек киши 2007-жылы лейкемия менен күрөшүү максатында сөөктүн чучугун алмаштырган. Жыйынтыгында ал ракты жеңип, ага чейин алышып келе жаткан ВИЧ-инфекциясынан да айыккан.

Ошондон бери анын организминен ВИЧ илдетинин бир дагы белгиси байкалган эмес. Бирок лейкемия 2019-жылы кайра пайда болуп, организмине тарап кеткен. Учурда Браун Калифорниядагы ооруканада дарыланып жатканы маалым болду.

Ак кандын биринчи белгилери кандай болот? Онкологдун жообу

Бүгүнкү күнгө карата ВИЧ инфекциясын толугу менен эки эле адам жеңген. Экинчи бейтапты "лондондук пациент" деп коюшат. Эки учурда тең ооруну жуктуруп алгандар донордун жардамы менен сөөк чучугун трансплантация кылдырышкан.

0
Белгилер:
рак, бейтап, оору, ВИЧ
Тема боюнча
ДССУ: бардык өлкөлөрдүн өкмөттөрү катаал карантин киргизүүгө даяр турушу керек