Жума аягына чейин аба ырайы кандай болот?

© Sputnik / Табылды КадырбековУкладка красной брусчатки на пешеходной аллее по проспекту Эркиндик в Бишкеке
Укладка красной брусчатки на пешеходной аллее по проспекту Эркиндик в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Синоптиктердин маалыматына ылайык, дем алыштарда күн ачык болот

БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Кыргызгидромет апта аягына чейинки аба ырайынын божомолун жарыялады.

26-апрелде түнкүсүн жана эртең менен көпчүлүк аймактардагы тоо этектеринде жамгыр жаап, тоолуу райондорго кар түшөт.  Ушундай эле аба ырайы күндүзү Чүй, Ысык-Көл  облустарынын тоо этектеринде болот.  Ал эми түнкүсүн Ысык-Көл облусунун чыгышында нөшөр төгүшү мүмкүн. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Жители Бишкека во время досуга - Sputnik Кыргызстан
Ушул ишемби кыргызстандыктар үчүн иш күн болот
Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңуп тайгак болуп, кар күрткүсү пайда болушу мүмкүн.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Нарын, Ысык-Көл облустарында 15-20 метрге чейин жетет.

27-апрелде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын тоо этектеринде өткүн өтүп, тоолуу райондорго кар түшөт.

28-29-апрелде жаан-чачын күтүлбөйт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңуп, тайгак болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп, ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Жаңылыктар түрмөгү
0